КМУда Билим күнү белгиленди

Өнөргө ээ болосуң окуу менен, 
Аз болсо да билимде пайда кенен.

Жусуп Баласагын

     Бүгүн И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «1-сентябрь – Билим күнүнө» карата майрамдык иш-чара болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни менен башталып, ага И.Арабаев ат. КМУнун ректору Абдырахманов Төлөбек Абылович жетектеген университеттин профессордук-окутуучулар курамы, аспиранттары жана студенттери катышты. 

Алгы сөз КМУнун ректору, профессор Абдырахманов Төлөбек Абыловичке берилди. «Урматтуу кесиптештер жана студенттер! Сиздерди бүгүнкү жаңы окуу жылыңыздардын башталышы менен чын-дилден куттуктайм!

Билим күнү Сиздердин келечегиңиздердин башталышы, турмуш-жолуңуздардын жаңы барагынын ачылышы. Андыктан келечекке кадамды биздин окуу жай менен баштап, «студент» болушуңуздар менен чын-жүрөктөн куттуктайм!», – деп окуу жай тууралуу кыскача маалымат берди.

Тарых илимдеринин доктору, профессор Эгемберди Маанаев «Жаңы окуу жылдын башталышы менен жакшы билим алып, өлкөбүз үчүн мыкты инсандардан болгула. Ата-энеңердин эмгегин актап, өз кесибиңердин мыкты адистери болуу үчүн талыкпай билим алгыла», – деген пикирин билдирди. Ошондой эле КМУнун Бириккен Профсоюздук комитетинин башчысы Эрмек Бектуров, Окуу бөлүмүнүн башчысы Октябрь Капалбаев, КМУнун алдыңкы студенттери Айдана Касымова ж.б. каалоо-тилектерин билдирип өтүштү.

Соңунда, университеттин активисттери иш-чараны көркүнө чыгарып, катышуучуларга майрамдык маанай тартуулашты.