КМУнун ректору Абдырахманов Төлөбек Абыловичтин «Билим күнүнө» карата каалоо-тилеги

Урматтуу студенттер! Сиздерди бүгүнкү жаңы окуу жылыңыздардын башталышы менен чын- дилден куттуктайм!

Билим күнү Сиздердин келечегиңиздердин башталышы, турмуш-жолуңуздардын жаңы барагынын ачылышы. Андыктан, келечекке кадамды биздин окуу жай менен баштап, «студент» болушуңуздар менен чын-жүрөктөн куттуктайм.

Студент – өмүр бою өзүн-өзү өркүндөтүүнүн үстүндө иштөөнү, илим-билимдеги ийгиликке жетишүү үчүн тынбай эмгектенүүнү үйрөнүүчү инсан. Ал эми мындай инсандарды тарбиялоо биздин милдет.

Элибизде «Билим алуу – ийне менен кудук казгандай» деген накыл кеп бар эмеспи. Аны сыңарындай, университеттен терең билим алып, өзүңөр каалаган кесиптин ээси болушуңуздарга тилектешмин.

Кыргыздын улуу инсандарынын бири Исхак Раззаков «Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот» дегендей, силердин дилиңер, тилиңер, пейилиңер, эмгегиңер таза болсун.  Анткени Кыргызстандын келечеги – сиздердин колуңуздарда!