Биринчи мугалим – 2017

   9-сентябрда КМУнун башкы имаратынын чоң жыйындар залында окумуштуу-физиолог, профессор, КУИАнын академиги, кыйла жыл Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун Нормалдуу физиология кафедрасынын жетекчиси Санжарбек Данияров түптөгөн коомдук фонд Кыргыз Республикасынын айылдык мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдерине “Биринчи мугалим – 2017” деген аталыштагы конкурсун өткөрдү.

Аталган конкурс быйыл алтынчы ирет уюштурулуп, ага Кыргызстандын бардык аймактарындагы айылдык мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдери чакырылган.

Иш-чараны КМУнун ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов ачып, сынакка катышып жаткан жалпы катышуучуларга ийгилик каалады.

Фонддун жетекчиси Асел Даниярова конкурстун максаты, талаптары, тапшырмалары тууралуу кенен маалымат берип, катышуучуларды тааныштырды. Сынакта залкар жазуучу Ч.Айтматовдун «Биринчи мугалим» повестинин негизинде дил баян жазуу негизги тапшырма болуп эсептелди, т.а. «Биринчи мугалим» повести менен менин алгачкы таанышуум жана кийинки жылдарда менин Дүйшөнгө болгон мамилемдеги өзгөрүүлөр» деген суроонун айланасындагы маселелер каралды.

Соңунда, сынактын жеңүүчүлөрүнө И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогика кафедрасынын доценти, педагогика илимдеринин кандидаты, «Биринчи мугалим – 2017» конкурсунун төрайымы Эсенгулова Миргүл Молутбековна Ардак грамоталарды тапшырды.