Ректор Төлөбек Абдырахманов Япония мамлекетинен келген өкүлдөр менен жолугушту

     22-сентябрда КМУнун ректору, профессор Т.Абдырахманов Япония мамлекетинен келген өкүлдөр менен жолугушту. Жолугушууда ректор япониялык «Daisan» компаниясынын башчысы Фужита Тактоши мырзаны, «Koukan BILT» компаниясынын директору Мияма Сусумуну кабыл алып, анда эки тарап келечекте университет үчүн аткарыла турган орчундуу маселелерди талкуулашты.

«Биздин университет акыркы эки жылдан бери Япония мамлекетиндеги жогорку окуу жайлар жана компаниялар менен билим алуу, ишке орношуу тармагында тыгыз иш алып барууда. Кызматташуунун натыйжасында биздин университеттин студенттери Осака университетинен практика өтөшүп, айрым кыргызстандык жарандар япониялык курулуш компанияларында ишке орношууда. Бул кызматташуу Япония мамлекетинен билим алууну көздөгөн келечек муун үчүн жакшы иш деп ойлойм.  Мындан ары да эки тараптын кызматташуусу бекем болушун каалайм», – деп билдирди Т.Абдырахманов.

Жолугушуунун соңунда ректор Т.Абдырахманов «Daisan» курулуш компаниясынын директору Фужита Тактоши мырзага университеттин «Ардактуу профессору» наамын ыйгарды.