Алп Манас, бабам Бакай сүйгөн тилим, Алоолоп Ала-Тоодо күйгөн тилим

Асмандан балбыл жанган жылдыз тилим,

Ааламга аты чыккан Чыңгыз тилим.

Арыбай кылымдарды карыта бер,

Ардагым, ата мурас – Кыргыз тилим!

Кубатбек Жакыпов

 

       22-сентябрда Мамлекеттик тил жана маданият институту «Алп Манас, бабам Бакай сүйгөн тилим, Алоолоп Ала-Тоодо күйгөн тилим» аттуу майрамдык иш-чара өткөрдү. Иш-чарага Мамлекеттик тил боюнча адис Абдил Шерматов жана Айгүл Дүйшөмбиева жетектеген институттун мугалимдери жана студенттери катышты.  

Алгач сөз институттун директору Айгүл Дүйшөмбиевага берилди. «Урматтуу мугалимдер жана студенттер. Сиздерди Мамлекеттик тил майрамы менен чын-жүрөктөн куттуктайм. Бул күн бардык кыргызстандыктар үчүн абдан чоң майрам. Анткени, элибизде «Эне-тил тагдыры – эл тагдыры» деген жакшы кеп бар эмеспи. Аны сыңарындай, биз, кыргыз эли эне-тилибиз болгон үчүн элибиздин тагдыры кылым карытып жашап, мамлекетибиз эгемендүүлүккө жетишип отурат. Бул биз үчүн абдан чоң сыймык жана жетишкендик. Ошондуктан жалпыңыздарды улуу тилибизди кастарлап, урматтай билүүгө чакырып кетмекчимин», – деди А.Дүйшөмбиева.

Ошондой эле, КМУнун Мамлекеттик тил боюнча адиси Абдил Шерматов жана директордун орун басары Айнура Каныбековалар катышуучуларды майрамы менен куттукташты.

Кеченин жүрүшүндө студенттер тарабынан даярдалган улуттук ырлар, элдик бийлер жана күүлөр аткарылды. Кыргыз тилинин мамлекеттик тил макамын алгандан берки абалын чагылдырган чакан спектакль кечени көркүнө чыгарды.

Институттун алдындагы «Жаш калемгерлер» ийриминин жетекчилиги бул күнгө карата ыр сынак уюштурган. Соңунда, сынактын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө Айнура Каныбекова демөөрчүлүк кылган баалуу сыйлыктар жана Ардак грамоталар тапшырылды.