Мамлекеттик университетте Мамлекеттик тил күнүнө карата «Улуттун улуулугу – эне-тилинде» аттуу майрамдык кыз-жигит «Сармерден» оюн-зоок иш-чарасы өткөрүлдү

     Кыргыз ССРинин Жогорку Совети 1989-жылы 23-сентябрда «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзам кабыл алып, анда кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген. Мына ошол күндөн тартып, Кыргызстанда жыл сайын 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү деп майрамдалып келет.

Бүгүн, мамлекеттик университетте Мамлекеттик тил күнүнүн 28 жылдык салтанаты белгиленип, Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү жана Лингвистика факультеттеринин жетекчиликтери тарабынан уюштурулган «Улуттун улуулугу – эне-тилинде» аттуу майрамдык кыз-жигит «Сармерден» оюн-зоок иш-чарасы өткөрүлдү.

Майрамдык кечени ачуу үчүн сөз Лингвистика факультетинин деканы, филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаевге берилди: «Мына, быйыл биз мамлекеттик тил майрамын 28-ирет белгилеп жатабыз. Негизи, кыргыз элинин өз алдынча мамлекет болуп, өз алдынча мамлекеттик тил макамын алуусу оңойго турган эмес. Ал үчүн көп кыйынчылыктарды, оор саясий кырдаалды башынан кечирген. Ошондуктан, бул күн биз үчүн улуу күн.  

Бирок эне-тилибиздин Мамлекеттик тил макамын алса дагы, көптөгөн тоскоолдуктардан улам тилибиз азыркы күнгө чейин кеңири кулач жайып өсүп-өнүгө албай жатат. Эң жөнөкөй мисал катары айта турган болсок, «мен кыргызча жакшы түшүнбөй жатам», «кыргызчага тилим жакшы келбейт» деген «киргиздер» кыргыз тилинин калк арасында колдонулушуна чоң тоскоолдук жаратууда. Бул эне-тилибизге бут тоскондордун бири гана. Мындай тоскоолдуктар ондоп саналат. Бирок биз, силер, жалпы кыргыз эли эне-тилибиз болгон кыргыз тили үчүн абдан чоң күрөш жүргүзүшүбүз керек. Анткени, тилибизди жоготуп алсак, улутубузду, улутубузду жоготуп алсак, мамлекетибизди жоготоорубуз анык», – деди профессор С.Жолдошев.

Ошондой эле, Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин деканы Назира Курбанова, Мамлекеттик тил боюнча адис Абдил Шерматов жана кыргыз элине таанымал акын Алтынбек Исмаиловдор конокторду «тил майрамы» менен куттукташты.

 Акын Алтынбек Исмаилов өзүнүн төмөндөгү «Кантип айтам» аттуу ырын көркөм окуп берди.

Эх, кыргызым, ойлончу, эсти жебе,

Эне-атаңдын айтканын эски дебе.

Тарыхты сен тарс атып салган менен,
Таңдайыңа сайылат эски жебе!

Какшап келем: доо кетип балдарыңа,
Каргыш сөзгө кабылып калбагыла.
Бурмаладык тилди деп кантип айтам,
Бабалардын байыркы арбагына?!

Уу чалканды мойнума артам дагы,
Улутумдун азабын тартам дагы.
Унуттук деп тилимди кантип айтам,
Урпактарга уялбай аркамдагы?!

Тилсиз элдин тукуму курут болгон,
Тилин сактап калган эл улут болгон.
Ата салтын, мурасын унуткандар,
Акыр түбү тирүүлөй дудук болгон!

Ташты сыгып, тарыхты төккүм келет,
Тилимди мен туу тутуп өткүм келет.
Эне тилин эсирип чангандарды,
Эне тилде ашатып сөккүм келет!!!

    Мындай таамай айтылган ыр саптарынан кийин алып баруучулар калыстар тобу менен тааныштырышты. Калыстык кылгандар: калыстар тобунун төрагасы Абдил Шерматов, Сырдыбекова Мээрим, Нуркамил кызы Асел ж.б. болушту. Андан соң  студенттер «Сармерден» оюнун башташты. «Сармерден» оюну адаттагыдай эле, саламдашуу, манас айтуу, комуз чертүү менен ачылып, эне-тилге байланышкан макал-лакаптар, жаңылмач-табышмактар, көркөм окуу ырлары көрүүчүлөрдүн көңүлүн көтөрдү.

Оюндун жүрүшүндө, элибиздин улуттук ырлары, бийлери, күүлөрү жана оюндары аткарылып жатты.

Кеченин аягында, калыстар тобунун чечиминин негизинде Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин жана Лингвистика факультетинин студенттери бирдей упай топтоп, Мамлекеттик тил күнүнө карата уюштурулган кыз-жигит «Сармерден» оюнунда тең чыгышты.