ГЭжТ факультети БжХ факультети менен биргеликте «Тил – улуттун жүзү» аттуу оюн-зоок таймашын өткөрдү

      Мамлекеттик тил майрамы элибиздин улуу майрамдарынын бири. Бул күндүн урматына арнап, 22-сентябрда университеттин башкы имаратынын чоң жыйындар залында География, экология жана туризм факультети менен биргеликте Биология жана химия факультетинин студенттери «Тил – улуттун жүзү» аттуу оюн-зоок таймашын өткөрдү. 

Таймаш 5 тур менен өтүп, ага жалпысынан 20га жакын студент катышты. ГЭТ факультети «Жеңиш», ал эми БХ факультети «Орхидея» деген ат менен эки команда болуп чыгышты.

Алып баруучулар калыстар тобунун мүчөлөрү менен тааныштырган соң, катышуучуларга команданын атын чечмелөө, эне-тилге арналган ырлардан көркөм окуу, макал-лакап айтышуу сыяктуу тапшырмаларды беришти. Эне-тилге арналган ырлар, улуттук бийлер, элдик күүлөр студенттер тарабынан жогорку деңгээлде аткарылып, коноктордун маанайын көтөрүштү.

Улуу жазуучуларыбыздын патриоттук сезимди ойготкон чыгармаларынан алынган чакан сценкалар иш-чаранын көркүнө-көрк кошуп турду.

Майрамдык иш-чаранын соңунда, калыстар тобунун чечими менен География, экология жана туризм факультетинин «Жеңиш» командасы алдыга озуп, жеңишти илип кетти.