КМУнун Теологиялык колледжинде кыргыз эл акыны Надырбек Алымбековдун поэзия кечеси болуп өттү

     2017-жылдын 27-сентябрында КМУнун Теологиялык колледжинде кыргыз эл акыны Надырбек Алымбековдун поэзия кечеси болуп өттү.

Акын автордук кечесинде чыгармачыл чөйрөгө карай узак жолу, турмуштук кызыктуу окуялары тууралуу кенен баяндап берди.

Университеттин «Жаш калемгерлер» адабий ийриминин мүчөлөрү акындын ырларынан көркөм окушуп, акындын сөзүнө жазылган обондуу ырлардан аткарышты.

Кыргыз Эл акыны Надырбек Алымбеков өсүп келе жаткан жаш акындарга жана жалпы эле кеченин катышуучуларына жеке ыраазычылыгын билдирип, жакшы каалоо-тилектерин арнады жана студенттердин кызыктырган ар түрдүү суроолоруна жооп берди.