Японтаануу институтунун Мамлекеттик тил күнүнө арналган «Улут болсом – тилим менен улутмун» деген аталыштагы майрамдык иш-чарасы болуп өттү

2017-жылдын 27-сентябрында Японтаануу институтунун Мамлекеттик тил күнүнө арналган «Улут болсом – тилим менен улутмун» деген аталыштагы майрамдык иш-чарасы болуп өттү.

Институттун студенттери кыргыз тилинде көркөм ырларды окуп, обондуу ырлардан аткарышты. Ошондой эле эне-тилге байланыштуу табышмактарды, макал-лакаптарды айтышып, оюн-зоок уюштурушту.

Кеченин аягында институттун директору жана мугалимдери көрүүчүлөрдү майрамы менен куттукташты.