Мугалимдер келечектин устаты!!!

Улуулук касиетин ыйык сактап,

Мекендин оор жүгүн алган кимдер?

Өнөрүн элге арнап тартуулашкан,

Ал биздин ак пейилдүү мугалимдер.

 

     Мугалимдердин кесиптик майрамына карата даярдалган «Агартуучуларга таазим» аттуу салтанаттуу кече, 5-октябрда КМУнун башкы имаратынын чоң жыйындар залында болуп өттү.

Салтанаттуу кече университеттин Жаштар иштери боюнча комитеттин кызматкерлери тарабынан уюштурулуп, ага КМУнун ардагер мугалимдери, окутуучулары жана студенттери катышты.

Кечени ректор, профессор Төлөбек Абдырахманов ачып, мугалимдердин ары түйшүктүү, ары жооптуу кызматты аркалап жаткандыктары үчүн ыраазычылыгын билдирип, алардын ийгиликтери тууралуу кеңири сөз сүйлөдү.

Кадрлар бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Бердалиева КР Билим берүү министрлигинен берилген «Билим берүүнүн мыкты кызматкери» төш белгиси жана Ардак грамоталарды алдыңкы мугалимдерге тапшырды жана КМУнун Окумуштуулар кеңешинин №573 чечиминин негизинде университеттин пенсия курагындагы 150дөн ашык ардагер мугалимдерине жалпы суммасы 182 000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктар таратылганын кошумчалады.

Мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Тууганбай Коңурбаев куттуктоо сөз сүйлөп, бул күнгө карата уюштурулган сынактын жеңүүчүлөрүнө Ардак грамоталарды жана акчалай сыйлыктарды ыйгарса, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын котормо бөлүмүнүн башкы адиси Мундузбек Абдыжапар уулу Лингвистика факультетинин окутуучусу Бактыбек Азизбек уулуна Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын атайын төш белгисин тапшырды.

Иш-чаранын расмий бөлүгү аяктаган соң, концерттик программа тартууланды. Адам ишмердүүлүгүнүн бардык катмарын өзүнө камтыган сезимтал инсан, бир эле учурда философ, дирижер, уюштургуч, илимпоз, психолог болгон мугалимдердин урматына арнап, кыргыз элинин белгилүү ырчыcы Айбек Касымов, төкмө акын Кадырбек Бейшенов жана университеттин таланттуу студенттери майрамдык маанай тартуулашты.

Кечени алып баруучулар:

Мугалимдер келечектин устаты,

Билген билет, билбегендер кээлери.

Куттуу болсун майрамыңар бүгүнкү,

Арыбаңыз! Ыйык кесип ээлери! – деген ыр саптары менен жыйынтыкташты.