Манастаануу институтунун студенттери мугалимдердин өздүк майрамына карата чакан кече өткөрдү

    6-октябрда Манастаануу институтунун 1-курсунун студенттери мугалимдердин өздүк майрамынын урматына арнап, «Мугалим – келечектин устаты» аттуу чакан кече өткөрдү.

Институттун жетекчиси Топчубек Тургуналиев кызматкерлерди майрамы менен куттуктап, каалоо-тилектерин билдирди.

Кеченин жүрүшүндө студенттер манас айтуу, көркөм окуу менен элдик ырларды, улуттук бийлерди аткарышты.

Манастаануу институтунун ачылганына аз убакыт болсо дагы, жалпы жамаат жана студенттер университетте болуп жаткан коомдук жана маданий иш-чараларга катышып, өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп келе жаткандыгын Окуу иштер боюнча проректор Тууганбай Абдырахманов баса белгилеп, институттун кызматкерлерине жана студенттерге ыраазычылыгын билдирди.