Ректор Т.Абдырахманов жеңүүчү студенттерибизди кабыл алды

     Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында биздин университеттин спортчулары байгелүү орундарга ээ болушту.  Түркмөн күрөш мелдеши боюнча 75 кг салмакта Дене-тарбия бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Кенжебек Шамшидин уулу жана 70 кг жогору салмакта Педагогика факультетинин 5-курсунун студенти Назира Арзыбековалар III орунду камсыздап, коло медалын тагынышкан.  

Ректор Т.Абдырахманов жеңүүчү студенттерибизди кабыл алып, жеңиши менен куттуктап, окууларына ийгиликтерди каалады. Ошондой эле машыктыруучу Илич Дыйкановго ыраазычылыгын билдирди.