Улуу манасчы Саякбай Каралаевдин жаркын элесине арналган Эрнест Абдыжапаровдун «Саякбай» тасмасы көрсөтүлдү

Кечээ, КМУнун чоң жыйындар залында улуу манасчы, дегеле кыргыздардын оозеки көркөм чыгармачылыгын мыкты билген инсан – Саякбай Каралаевдин жаркын элесине арналган Эрнест Абдыжапаровдун «Саякбай» тасмасы көрсөтүлдү.

Тасманы көрүү үчүн мугалимдер жана студенттер келишти.

«Саякбай» фильми көрсөтүлгөн кийин атактуу кинорежиссерлор Болот Шамшиев, Замир Эралиев жана коомдук ишмер, Манастаануу институтунун директору Топчубек Турганалиевдер фильм тууралуу өздөрүнүн пикирлерин билдиришти.