Ректор Т.Абдырахманов «Билим» спорттук клубунун мүчөлөрүн кабыл алды

18-ноябрь күнү ректор Т.Абдырахманов Мамлекеттик университеттин алдында түзүлгөн «Билим» спорттук клубунун мүчөлөрү менен жолугушту.

Жолугушууда клубдун мүчөлөрүнүн 2017-жылдагы аткарган иштери, жетишкен ийгиликтери тууралуу Дене-тарбия бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Н.Акматов маалымат берип, келечекте аткарыла турган иштери жөнүндө ой бөлүштү.

Ректор Т.Абдырахманов «Билим» спорттук клубунун жетекчилерине ыраазычылыгын билдирип жатып, бул тармакта эмгектенген адистерди колдоо башкы милдет экенин баса белгиледи. Мелдештерде байгелүү орундарды камсыз кылуу үчүн спортсмендерге шарт түзүү керек экендигин жана каражат жагынан жардам берерин кошумчалап өттү.