Ректор Т.Абдырахманов Иран Ислам Республикасындагы Аль-Мустафа эл аралык университетинин вице-президенти, профессор Мохсен Кханберини кабыл алды

   2017-жылдын 1-декабрында КМУнун ректору, профессор Т.Абдырахманов Иран Ислам Республикасындагы Аль-Мустафа эл аралык университетинин вице-президенти, профессор Мохсен Кханбери менен жолугушту.  

Жолугушуу учурунда жетекчилер эки университеттин келечекте аткарыла турган иштери жөнүндө маселелерди талкуулашты.    

Ректор Т.Абдырахманов келген өкүлдөрдү жылуу кабыл алып, университет жөнүндө кыскача токтолуп өттү.

Профессор Мохсен Кханбери: «Бүгүнкү күндө биздин Аль-Мустафа эл аралык университетте 120га жакын мамлекеттен келген 30 000 ашык студент билим алууда. Алардын ичинде Кыргызстандан барган студенттер да бар», – деди өз сөзүндө.

Жолугушуунун соңунда, ректор Т.Абдырахманов конокторго студенттердин колунан жасалган кыргыз орнаменти түшүрүлгөн белектерди тартуулады.