1-декабрь - Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнү

     1-декабрь күнү «Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө» карата уюштурулган иш-чара университеттин №1 жатаканасында болуп өттү.

Иш-чара алгач студенттер тарабынан СПИД тууралуу даярдалган чакан видеоролик менен башталды. Видеороликте Бишкек шаарынын тургундарынан жана окуу жайдын студенттеринен социалдык сурамжылоо жүргүзүлүп, анда аталган «дарт» тууралуу элдердин түшүнүгү канчалык деңгээлде экендиги көрсөтүлгөн.   

Иш-чарага бул оору жөнүндө маалымат берүү үчүн СПИД борборунан атайын адистер келишкен. Алар СПИДдин алдын-алуу, жуктуруу жолдору жөнүндө маалымат беришти.

Адистер аталган дарт адамга көбүнчө кан аркылуу жугарын баса белгилешип, атайын даярдалган слайд көрсөтүштү.

Соңунда, иш-чаранын катышуучулары тема боюнча адистерге суроолорду берип, СПИД жөнүндө кеңири маалымат алышты. Ал эми адистер студенттерди бул ооруну алдын-алууга жана жаман жолдордон алыс болууга чакырышты.