ЖАКтын эң жогорку даражадагы сыйлыгы менен КМУнун профессору, педагогика илимдеринин доктору Калдыбаева Айчүрөк Токтополотовна Ардак грамота менен сыйланды

     Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын чечими менен иштеги иштеген ийгиликтери, натыйжалуу жана ак ниет эмгеги, илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоонун мамлекеттик системасын жакшыртууга кошкон салымы үчүн, ошондой эле КР Илим күнүнүн урматына ЖАКтын эң жогорку даражадагы сыйлыгы менен КМУнун профессору, педагогика илимдеринин доктору Калдыбаева Айчүрөк Токтополотовна Ардак грамота менен сыйланды.

Сыйлыкты 30-ноябрь күнү КМУнун Окумуштуулар кеңешинин жыйынында ректор, профессор Төлөбек Абдырахманов тапшырды.

Урматтуу Айчүрөк Токтополотовна!

Сизди сыйлыгыңыз менен КМУнун жалпы жамааты чын-дилден куттуктайт.  

Анткени Сизди мыкты окумуштуу-педагог, үлгүлүү жетекчи жана жалаң мактоого арзый турган университеттин кадыр-барктуу адамдарынын бири экениңизди эч ким тана албайт. Өмүрүңүздүн дээрлик көпчүлүк убактысын педагогдук тармакта өткөрүп, жаш муундарга, жогорку билимдүү адистерге, илимпоздорго, дегеле кыргыз элине опол тоодой эмгек өтөп келе жатасыз. Сиздин эмгектериңиз бардык сыйлыкка татыктуу жана баалуу.

Алган сыйлыгыңыз менен КМУнун жалпы жамааты дагы бир жолу куттуктап, ишиңизге ийгилик, ден-соолук жана жакындарыңыздын жанында аман болушуңузга тилектештигин билдирет.