КМУда Бишкек шаарындагы бардык ЖОЖдордун Студенттик Өкмөттөрүнүн кезектеги жыйыны болуп өттү

     Өткөн аптада КМУда Бишкек шаарындагы бардык ЖОЖдордун Студенттик Өкмөттөрүнүн кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйынды КМУнун Студенттик Өкмөтүнүн башчысы Мырзабек Кожомбердиев уюштуруп, анда ЖОЖдор арасында өз ара кызматташуу, биргелешип иш алып баруу сыяктуу маселелер талкууланды.

Ошондой эле, жыйындын жүрүшүндө ЖОЖдор аралык «Акыл ордо» интеллектуалдык таймашын жана улуттук «Сармерден» оюнун уюштуруу тууралуу сөз жүрдү. Эң башкысы, 12-декабрь залкар жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнүн урматына карата маданий ири иш-чараларды өткөрүү жыйындын негизги маселеси болуп саналды. Ар бир окуу жайдын Студенттик Өкмөт башчыларына жазуучунун чыгармаларын чагылдырып видеоролик даярдоо, дил баян жазуу, өткөрүлүп жаткан иш-чараларды телеканалдарга берүү сыяктуу иштерди аткаруу тапшырмасы берилди. Студенттердин кезектеги жыйыны жогорку деңгээлде өтүп, андан соң кофе-брейк уюштурулду.