КМУда Ч.Айтматовдун туулган күнүнүн урматына карата маданий иш-чаралар байма-бай өтүүдө

   Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнүн урматына университеттин ар бир факультетинде маданий иш-чаралар байма-бай өтүүдө.

Биология жана химия факультетинин, География экология жана туризм факультетинин жана Лингвистика факультетинин студенттери жазуучуну эскерүү иш-чарасын өткөрүштү.

Иш-чарада жазуучунун өмүр баянын, чыгармачылык жолун чагылдырган видеороликтер, слайддар көрсөтүлдү. Ч.Айтматовдун «Жамийла», «Бетме-бет», «Эрте келген турналар» ж.б. чыгармаларынан сценкаларды аткарышып, актердук чеберчиликтерин көрсөтүштү.

Студенттердин жазуучунун урматына арнап жазган автордук чыгармалары көрүүчүлөрдү абдан кубантты.

Иш-чаранын соңунда, жетекчилер улуу инсандарды эскерүү жана аларга арналган иш-чараларды өткөрүү жаштардын башкы милдети экенин баса белгилешти.