Биология жана химия факультетинин студенттери арасында «Акыл ордо» интеллектуалдык таймашы болуп өттү

      Билим сапатын жогорулатуу, студенттердин билимге болгон кызыгуусун ар тараптан арттыруу максатында Биология жана химия факультетинин Химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын студенттеринин арасында «Акыл ордо» интеллектуалдык таймашы болуп өттү.

Таймашта 10 катышуучу оюн курду. Берилген тапшырмалар ар тараптуу болуп, суроолор химия, биология, тарых, физика, география, кыргыз тили жана адабияты предметтери жана макал-лакап, табышмак, жаңылмач ж.б. жанрлары боюнча түзүлгөн.

Катышуучулар мелдеште өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп, кызыктуу таймаш өткөрүштү.

Факультеттин жетекчиси М.Чоров студенттердин билимге болгон кызыгуусун ар тараптан арттыруу максатында тегерек столдорду, таймаштарды, иш-чараларды, семинарларды өткөрүп туруу замандын талабы экенин билдирип, таймаштын жеңүүчүлөрүн Ардак грамота жана баалуу сыйлыктар менен сыйлады.