Кыргыз мамлекеттик университетте Улуттук адабият күнү жана ааламдын алп жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү белгиленүүдө

   Бүгүн, 12-декабрда Кыргыз мамлекеттик университетте Улуттук адабият күнүнө жана ааламдын алп жазуучусу Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 89 жылдыгына карата иш-чаралар өткөрүлүп жатат.

Бул күнү университеттин Студенттик өкмөтүнүн студенттери Чыӊгыз Айтматовдун жаркын элесин эскерүү үчүн «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине жана шаарыбыздын чок ортосунда жайгашкан эстелигинин алдына гүл коюп келишти.

Ал эми жыйындар залында Педагогика, Лингвистика, Биология жана химия, Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультеттеринин жетекчилеринин колдоосу менен уюштурулган маданий иш-чаралар болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер жазуучунун «Биринчи мугалим», «Саманчынын жолу», «Жамийла», «Ак кеме» чыгармаларынын негизинде сценка көрсөтүп, автордук ырларынан көркөм окушту. Факультеттин жетекчилери улуу жазуучуну туулган күнүндө гана эмес, аны ар дайым эскерип, эмгектерин барктап-баалай билүү жаш муундардын негизги парзы экенин белгилешти.

Студенттер даярдаган видеороликтер, слайддар менен иш-чаралар жыйынтыкталды.