Өмүр жолум баяндадым ыр менен

   14-декабрда Кыргыз совет адабиятынын асманында үркөрдөй болгон таланттуу акын кыздарынын бири КР Эл акыны, драматург, журналист, Кыргыз ССРнин маданиятына эмгек сиңирген кызматкер Н.Жүндүбаеванын 100 жылдыгына арналган «Өмүр жолум баяндадым ыр менен» аттуу илимий-практикалык конференциясы болуп өттү.

Мамлекеттик тил жана маданият институтунун жетекчиси, профессор А.Дүйшөмбиева конференцияны баштап берди.

А.Осмоновна Кыргыз Эл акыны Н.Жүндүбаеванын өмүрү жана чыгармачылыгына токтолду.

КМУнун Илимий иштери боюнча проректору Э.Каниметов, Кыргыз Эл жазуучусу А.Жакшылыков, Кыргыз Эл акыны Г.Момунова, Кыргыз Эл акыны Г.Шакирова ж.б. белгилүү коомдук жана маданий ишмерлер катышып, Н.Жүндүбаеванын чыгармачылыгы жөнүндө эскеришти.

Илимий баяндамалары менен ф.и.д., А.Эгембердиева, ф.и.к., Р.Сыдыковалар чыгышты.

Студенттер тарабынан уюштурулган чакан концерттик программа менен конференция жыйынтыкталды.