Ден-соолук – 2017

14-декабрда башкы имараттын спорттук залында КМУнун кызматкерлеринин «Ден-соолук – 2017» Спартакиадасында эркектер арасында волейбол оюну боюнча мелдеш өттү.

Мелдешке жалпысынан 10го жакын команда катышып, кызыктуу оюн көрсөтүштү.

Жыйынтыгында командалар төмөндөгүдөй орундарга ээ болушту:

I орунга Дене-тарбия бөлүмү, II орунга Ректорат, III орунга Теологиялык колледждин командалары ээ болушту.

Эртең, 15-декабрда Спартакиаданын жабылыш аземи болот.

Ийгиликке жетишкен бардык командаларды жеңиши менен куттуктайбыз.