И.Арабаев атындагы КМУнун алдындагы колледждин директору, биология илимдеринин кандидаты, доцент, КР билим берүүнүн отличниги Карымшаков Өмүрбек Абдыкасымович «Жылдын мыкты директору» наамына татыктуу деп табылды

   Мамлекеттик «Кыргыз Туусу» гезити уюштурган «Жылдын мыктысы» сынагында Республикалык Билим берүү тармагынын өнүгүүсүнө кошкон салымы жана окутууда алдыңкы үлгүдөгү ыкмаларды колдонуп, заманбап адистерди даярдоого жетишкен жигерлүү эмгеги үчүн И.Арабаев атындагы КМУнун алдындагы колледждин директору, биология илимдеринин кандидаты, доцент, КР билим берүүнүн отличниги Карымшаков Өмүрбек Абдыкасымович «Жылдын мыкты директору» наамына татыктуу деп табылды.

Сыйлык тапшыруу аземи 22-декабрда өтүп, анда Өмүрбек Абдыкасымовичке дипломду белгилүү коомдук ишмер Медетбек Шеримкулов тапшырды. Гезиттин башкы директору Э.Балбаков Ө.Карымшаковдун ишине ийгилик жана ден-соолук каалап өттү.