Жогорку билим берүү жөнүндө документтердин (дипломдорду) берүүнүн абалы тууралуу жыйын болуп өттү

    9-февралда университеттин конференц-залында Окуу иштер боюнча проректор Тууганбай Коңурбаев Жогорку билим берүү жөнүндө документтердин (дипломдорду) берүүнүн абалы тууралуу жыйын өткөрдү.

Жыйынга университеттин бардык курамдарынын диплом боюнча жооптуу кызматкерлери катышып, анда 2010-2017-жылдар аралыгындагы бүтүрүүчүлөрдүн саны, даярдалган дипломдордун саны боюнча төмөндөгүдөй маселелер талкууланды.

  1. И. Арабаев атындагы КМУнун жогорку билим берүү жөнүндө документтердин (дипломдорду) берүүнүн абалы.
  2. Жогорку билим берүү жөнүндө документтердин төлөмдөрү жана тарифи.
  3. 2010-2017-окуу жыл аралыгындагы дипломдорду берүүнүн сандык көрсөткүчү.
  4. Ар түрдүү маселелер.

Соңунда Т.Конурбаев бардык курамдардын диплом боюнча жооптуу кызматкерлерине тиешелүү тапшырмаларды берип, жыйынды жыйынтыктады.