Окуу иштери боюнча проректор Тууганбай Коңурбаев Корея мамлекетине иш сапары менен барып келди

   И.Арабаев атындагы КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Тууганбай Абдырахманович Коңурбаев 12-февралдан 17-февралга чейин Корея мамлекетине иш сапары менен барып келди.

Иш сапардын алкагында Т.Коңурбаев Санджи университетинин жетекчилиги менен жолугушуп, ар тараптуу кызматташуу боюнча меморандумга кол койду.

Сеул шаарындагы Корей университетинин базасында Корея, Якутия, Монголия, Буратия, Кыргызстан ж.б. мамлекеттеринен келген окумуштуулардын «Алтай элдеринин тили, маданияты жана аларды интеграциялоо» аттуу конференциясы өтүп, анда Т.Коңурбаев «Кыргыз элинин улуттук мурастары, алардын урпактардын нарктуулуктарын калыптандыруудагы ролу» деген аталыштагы төмөндөгү илимий баяндама менен чыккан.

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН УЛУТТУК МУРАСТАРЫ, АЛАРДЫН  УРПАКТАРДЫН НАРКТУУЛУКТАРЫН  КАЛЫПТАНДЫРУУДАГЫ РОЛУ

Коңурбаев Т.А. - И.Арабаев атындагы КМУнун окуу иштер боюнча проректору, психол. ил. канд., профессордун м.а. (Кыргызстан)

Дүйнө эли рухий жана материалдык нарктардын негизинде өз урпактарын тарбиялашып, алардын келечектерин аныкташып келишет. Албетте, ар бир улут өз келечегине  кам көрүп, кийинки муундардын билимдүү, маданияттуу болушуна шарт түзүүгө аракеттенет. Ала турган болсок, Батыш өлкөлөрү материалдык нарктарды карманып, экономикалык закон ченемдер аркылуу турмуш кечирүүнү өздөрүнүн кандарына сиңиришкен. Ал эми чыгыш элдеринин жан дүйнөсүндө рухий нарктар орун алып, андай нарктардын негизинде дүйнө таанымдар калыптанган. “Чыгыш-Батыш” түшүнүктөрүндөгү айырмачылыктардын жашап келе жаткандыгына жогорудагы эки башталыштын таасири бар. 

Мындай айырмачылыкка терең маани берүү үчүн Чэнь Лайдын “Кытай цивилизациясынын негизги баалуулуктары” [1] деген эмгегинен кызыктуу фактыларды келтирүүгө болот. Автор “карама-каршы” ыкмасын колдонуп, конфуцийчиликтин идеологиясын жана нарктын өзгөчөлүктөрүн чагылдырууга аракет жасаган [1.С.3]  :

  • адеп-ахлак - мыйзамдан алда канча маанилүү;
  • азыркы жашоо -  келечектеги жашоодон маанилүү;
  • коом - жеке адамдан алда канча маанилүү;
  • рухий мурас - материалдуулуктан маанилүү;
  • милдет - укуктан маанилүү;
  • элдин бакубат жашоосу – жеке адамдын жашоо-турмушунан алда канча маанилүү;
  • тартип - эркиндиктен маанилүү;
  • шайкештик - күрөштөн маанилүү.

Бул ыкма аркылуу Чэнь Лай кытай маданиятындагы нарктын артыкчылыктары жана алардын өзгөчөлүктөрүнө анализ жасап, Батыш маданиятындагы идеология дайыма адамдын өз күчүнө, өзүмчүлдүккө, кыскартууга, башка адамдарды башкарууга жана алардын баш ийүүсүнө, жетекчиликке багытталган. Ошондуктан, Батыш тарыхында диний согуштар абдан кандуу,  Кытайда андай болгон эмес. Мындан тышкары XX кылымдагы эки дүйнөлүк согуштун болушу да чыгыш мадагиятында түптөлгөн эмес. Бул табигый нерсе: кытай коомунда батыштан айырмаланып, шайкештик –күрөштөн жогору бааланат деген жыйынтыкка келген [1. С. 61]. 

 Ал эми турмуш чындыгына назар салсак, ар бир улут өзү жараткан рухий байлыктарды сактап, муундан-муунга өткөрүп, ата-бабалардын тарыхый-маданий мурастарынан кийинки урпактардын тарбия алышына умтулат. Улуттардагы бул өзгөчүлүктөрдү, алардын жашоо шарттарынан ачык көрүүгө болот. Азыркы мезгилде көп мамлекеттердеги социалдык-экономикалык шарттар менен анда жашаган улуттардын «ички» умтулуусунун ортосундагы дал келбөөчүлүк - улуттук мурастарга, урпактарды тарбиялоо системасына назар салуу маселесин алдынкы иш мерчемине чыгарып отурат. Анын үстүнө бүгүнкү билим берүү процесси улуттук мурастардан сырт, илимий билимдердин системасын өздөштүрүүнүн негизинде түзүлгөн. Ошондуктан улуттук мурастарды азыркы педагогикалык процессте колдоно билүү, жаңы методикалык чечимдерди талап кылары бышык.

 Бул айтылгандар кыргыз элинин улуттук мурастары урпактардын нарктуулуктарын калыптандырууда өзгөчө орунду ээлей тургандыгын аныктоо, коомчyлуктун кызыгууcyн жаратат. Ошол эле учурда улуттук мурастарды сактоо, улутту жана жалпы адамзатты сактап калуу маселелери менен да байланышкан.

   Ата-бабаларыбыз пайдубалын куруп, турмуштун ыргагына ылайык  ондоолорду киргизип отуруп, , “Манас” эпосу, комуз күүлөрү, каада-салттар, акындык өнөр, улуттук оюндар, устачылык, мүнүшкерлик, саяпкерлик ж.б мурастар бизге жеткендигине тарых күбө. Биз кыргыз элинин бардык мурастарына эмес, үч гана мурасына токтолуп көрүүнү туура көрдүк:

  1. “Манас” эпосу;
  2. Комуз күүлөрү;
  3. Каада-салттар.
  1. “Манас” эпосу. Үчилтик “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” кыргыз элин бириктирген, урпактардын ортосундагы байланыштарды чагылдырган баатырдык эпостор. Эпостордун аталышы да негизги каармандардын атынан коюлган. Кыргыз элинде мурас катары бүгүнкү күнгө чейин сакталып келген: ата (Манас), бала (Семетей), небере (Сейтек) катнашы үчилтиктин өзөгүн түзүп турат. Ата жолун жолдоо, атаны урматтоо, анын калтырган мурастарын аздектөө, кыргыз баласынын милдети катары канына сиңип, сакталып келе жаткандыгына “Манас” эпосунун таасири чоң. Ушул таасирдин өзү үчилтикти эл арасында жайылтууда да сакталгандай. Анткени эл арасында семетейчи, сейтекчилер болуп келсе да, манасчылар басымдуулук кылышат. Ошондуктан Манас жөнүндө сөз болуп жаткандыгы да бекеринен эмес. Манасты билбеген адамды кыргыздын салт-санаасын билбегендик катары кабыл алган турмуштук фактылар бар.    

 Дүйнөдөгү бир дагы эл, улут Манас сыяктуу көлөмдүү чыгарманы XXI кылымга ооз-эки сактап, жеткире алган жок. Бул  кыргыз элинин өзгөчөлүгүн, кайталангыстыгын жана дүйнөлүк маданият казынасына кошкон зор салымын билдирет. «Манас» эпосу ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине (2015) жана дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпос катары Гиннес рекорддор китебине (500 553 саптан турат) киргизилген.  

Манастын кыскача сюжеттик мазмунуна токтоло кетели: Кыргыздардын каны Ногой өлгөндөн кийин, алардын касташкан душманы кытайлар (кидандар), анын ордун басар татыктуу баатыр жоктугунан пайдаланышып, кыргыздардын жерин басып алышып, аларды Ала-Тоодон сүрүп чыгышат. Ногойдун урпактарынын бирөөсү Каңгайга, бирөөсү Алтайга айдалат. Ала-Тоодо калгандары баскынчылардын каардуу запкысына туш болушат.  Ногойдун кичүү баласы Жакып, Алтайга айдалып, ал жердеги калмактардын кордугун көрөт. Жакып ал жерде буудай өндүрүп, алтын кенинде иштеп көп дүнүйө арттырат. Бирок, бир топ жашка келип калган Жакып сан жеткиз мал-мүлкү болсо да, андан тукум калбай бара жаткандыгына өкүнөт. Кудайга жалынып, ыйык жерлерге сыйынып,  түлөө өткөрүп, теңирден бала тилейт. Сыйкырдуу түштөн кийин байбичесинин боюна бүтүп, ал тогуз айдан кийин уул төрөйт. Ошол эле күнү Жакыптын жылкыларынын арасынан бир кулун туулат, аны жаңы төрөлгөн баласына энчилейт.

Жакып чоң той берип,баласынаМанас деп ат коёт. Манас бала чагынан эле өзү теңдүү балдардан физикалык, колу ачыктык, айкөлдүк жактан айырмаланып, баатырлыкты көрсөтө баштайт. Ал жөнүндө сөздөр Алтайдан алыс жактарга тарайт. Алтайда жашаган калмактар кытай каны Эсенканга баш ийбеген кыргыздарда баатыр жаралганын,   аны эр жете электе кармап жок кылуу керек экендигин билдирүүгө шашышат. Эсенкан өзүнүн жоокерлерин соодагерлердей кийинтип, кербени менен жөнөтүп, Манасты кармап келүүгө буйрук кылат. Алар жаш баатырды ордо ойноп жаткан жеринен жолуктурушат. Манас өзүнүн курбулары менен биргеликте, Эсенкандын жоокерлерин кармап алышып, кербенин жөнөкөй элдерге таратып беришет.

Калмактын баатыры Нескара кыргыздарга каршы көп миңдеген аскерин жөнөтөт. Манас коңшу элдерди, урууларды бириктирип, Нескарага каршы аттанып, анын аскрелерин талкалап, жеңишке жетишет. Жаш баатырдын эмгегин байкаган, коргоп алар адам жаралганына көзү жеткен кыргыз элинин көп уруулары, коңшу маньчжур жана калмак уруктары Манастын айланасына биригишип, аны хан шайлап алышат.

Манас Кошойдун сунушу менен кыргыздарды өз жерине – Ала-Тоого көчүрүп келет. Андижанды ээлеп турган Алоокени кууп чыгып, афган ханы Шорукту жеңип ички жана сырткы душмандар менен күрөшөт. Көкөтайдын ашында болгон окуялар, ички душмандардын каршылыгы Манастын алдына чоң проблеманы коет. Алты ханды бириктирип, жоокерлерди мол топтоп, кытайга “Чоң казатка” аттанат. Кылкылдаган кытай колун талкалап, женишке жетип, алты ай Бээжинди башкарат. Күтүүсүз жерден кол салган Коңурбайдын ууланган ай балтасынан Манас жарадар болот. Ошол жараты кабылдап, кырк чоросунан айрылып, Манас Ала-Тоого келип көз жумат.

 “Манас” эпосунун өзгөчөлүктөрүн, башка чыгармалардан артыкчылыктарын жана жандуу эпос экендигин далилдөө максатында төмөндөгү фактыны келтирүүнү туура көрдүм:

“Манас” эпосу тууралуу окурмандарга, коомчулукка жана конференциянын катышуучуларына он беш фактыны айтып берүүнү чечтик Бизге бул жаатта Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Манас таануу кафедрасынын жетекчиси, филология илимдерин доктору, манас таануучу Аскар Медетов жана манасчы, филология илимдеринин кандидаты Талантаалы Бакчиев жардамчы болду [2]. . 

1. Арбак даарыган процесс. Бул манасчылыкты аркалагандардын кабылдоосунда өң-түш түрүндө болот. "Манас" эпосун айткандардын дээрлик бардыгы арбак дааруу процессинен өтүп, бир катары ага түшүндө, бир катарлары өңүндө кабылган. Ушундан кийин гана алар бул өнөргө баш-оту менен кирет. Бул манасчылык өнөрдү коштогон негизги көрүнүштөрдүн бири катары эсептелет. 

2. Ыргагы. Азыркы мезгилге чейин бир да эпос "Манас" сыяктуу ыргакта, эмоционалдууайтылбайт. Алкыргыздардынэлдик салттуу поэзиясы түрүндө сакталып келет. "Манас" эпосунун бардык варианты 6-7 муундан турат/

Бишкек шаарында өткөн Дүйнө Эпосторунyн III фестивалындагы манасчы

3. Чет жерлерде Манас сөзүнүн кездешүүсү. Кытайда Манас шаары, Манас булагы, Японияда Семетей шаары, Испанияда Манас шаары, Казакстанда Манас жайлоосу, Кореяда Манас чокусу, Венгрияда Манас айылы бар. Ааламга аты кеткен Манас, аны жараткан кыргыз эли кандай гана бактылуу! Бул саптар "Аскада калган аңчынын ыйы" деп аталган улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун китебинде айтылат.

4. 40 саны – эпостогу ыйык сан. Кырк уруу кыргыз, кырк чоро, кырк күн, кырк кыз ж.б. түшүнүктөр менен коштолот. Андан сырткары 3, 5, 7, 9, 12 сакралдык сандар катары эсептелет. 

Кыргызстандын мамлекеттик кырк нурдуу желеги

5. Эпостун 80ге чукул варианты бар. "Манас" эпосунун китеп болуп басылып чыккан варианттарынан сырткары, КРдин Улуттук Илимдер Академиясында жана манасчылардын өздөрүндө, бала-чакасынын колунда жалпысы болуп 80ге чукул вариант сакталып келет. Негизгилери Саякбай Каралаев, Сагымбай Орозбаков, Молдобасан Мусулманкулов, Багыш Сазанов, Шапак Рысмендеев, Ибраим Абдрахманов, кытайлык кыргыз манасчы Жусуп Мамайдын айткандары. Андан сырткары, түрк таануучу Василий Радлов жана жазгыч акын Тоголок Молдо эпостун вариантын жазып калтырган. 

Саякбай Каралаев жана Молождан Токтогулов

6. "Манастын" мотивинде бир топ музыкалык, документалдык жана көркөм чыгармалар жаралган. Эпос боюнча режиссерлор Болот Шамшиев, Евгений Котлов жана Мелис Убукеевдер тарткан бир нече илимий-даректүү тасмалар бар. Ал эми 30-жылдары эле кыргыздын алгачкы опералык чыгармасы катары "Айчүрөк" операсы, андан кийин "Манас" операсы сахнага чыгарылып, "Манас-Алмамбет" драмасы, "Манас, Семетей, Сейтек" үчилтиги, "Теңири Манас" романы жазылган. 

7. Манас сөзүнүн маанисин диний пайгамбарга байланыштырышат. Манас деген сөздүн мааниси боюнча көп талаш-тартыштар бар. Негизи Манас атынын келип чыгышын окумуштуулар Ауэзов менен Бернштамдын илимий гипотезалардын негизде чечмелеп, далилдеп беришкен", — дейт окумуштуу Медетов. VI – VIII кылымдарда Енисей доорунун мезгилинде, ал тургай, андан мурун дүйнөгө тараган Уйгур каганатанынын расмий тутунган Манихей дини болгон. Ал боюнча ыйык делген китептер жазылып калган. Бул дин Энесай, Сибирь аймактарына чейин жетип, ошол доорлордо жашоочу элдин Манисей аттуу пайгамбары болгон. Ауэзов менен Бернштам ошол пайгамбардын аты өзгөрүп отуруп, Манесса, анан Манас болуп калган деген пикирди айтышкан. Илимий божомолдо Манас ысымы ошол эл сыйынган сөздөн келип чыгып, баатырдын образына ыйгарылган. Андан сырткары, "Ман" "Ас" сөздөрү да бөлүнүп айтылып, "биринчи киши", "мыкты киши" деген маанини билдирет деген пикирлер бар. Ал эми философ, сүрөтчү Николай Рерих бул "жогорку акыл-эс" деген түшүнүктү берет деп жазган. 

8. Эпосто алты жүздөн ашуун каарман сүрөттөлөт

"Манас" эпопеясында 40 чородон тарта эсептегенде, бери дегенде эле 600дөн ашуун каарман катышат. Эң көп образ Сагымбай Орозбаковдун вариантында айтылат. Албетте, башкы каармандар Манас, Бакай, Чыйырды, Каныкей, Алмамбет, Жакып, Кошой, Айчүрөк, Күлчоро, терс каармандардан Коңурбай, Нескара, Канчоро, Жолой ушинтип кете берет. Ал эми жер-суу аттары 800гө чукул. Дүйнөлүк адабияттагы ири чыгармалардын бири — Лев Толстойдун "Согуш жана тынчтык" роман-эпопеясында 500дөн ашуун каарман катышат. "Манаста" каармандар бул чыгармадан да көптүк кылат. 

9. "Манас" жарым миллион саптан ашык.

Эң көлөмдүүсү беш жүз миңден ашык саптан турат. Саякбай Каралаевдин айтуусундагы вариант 500 553 сап, анда Манас, Семетей, Сейтек, Кенен, Алымсарык, Кулансарык деп беш муунга чейин кетет. Андан сырткары, манасчы Мамбет Чокморовдун айтуусундагы эпостун көлөмү 397 миң, ал эми Сагымбай Орозбаков айтып калтырган "Манас" бөлүгү 180 миң сапты түзөт. Жусуп Мамай эпосту башкы каармандын сегиз муунуна чейин жеткире айткан, анын вариантында чыгарма 500 миң саптан турат.

10."Манас" эпосундай көлөмдүү чыгарма дүйнөдө жок! Көлөмү жагынан тең келе алган эпос азыркыга чейин кезиге элек. "Манас" көлөмү жагынан гректердин "Илиада" менен "Одиссеясынан" 20 эсе, парсы элдеринин "Шахнамесинен" 5 эсе, индиялыктардын "Махабхаратасынан" 2,5 эсе көптүк кылат. Дүйнөдөгү бардык эпосторду чогултуп келгенде да, бир эле Саякбай Каралаевдин айткан вариантынын көлөмүнө жетпейт.

11. "Манас" эпосуна бери дегенде 1023 жыл болду. 

"Манас" эпосу качан пайда болгон? Бул жаатта көз караштар арбын. 1995-жылы бул улуу эпостун 1000 жылдыгын дүйнөлүк масштабда белгиленгендигин эске алсак, анда азыр ага 1023 жыл болду. Ал эми илимде анын пайда болушу жөнүндө чындыкка жакын негизги өзөк болгон гипотеза үчөө. Алар — 1. Мухтар Ауэзов менен Александр Бернштамдын вариантында IX к. Кыргыздардын Енисей доору, улуу кыргыз дөөлөтү мезгили, Барсбек каган учуру; 2. Болот Юнусалиевдин пикиринде IX-XI к. Караханиддер доору. Кара кытайлардын кыргыздардан жеңилүүсү, кыргыздардын Ала-Тоого көчүшү. 3. Виктор Жирмунскийдин пикири боюнча XV- XVIII к. Жунгар доору менен байланыштырып келет. 

12. "Манас" алгачкы ирет Санкт-Петербургда жана Лейпцигде басылган. 

Эң биринчи ирет 1885-жылы академик Василий Радлов кагазга түшүрүп кеткен варианты Санкт-Петербург шаарында кириллица ариби менен кыргыз тилинде басылып чыккан. Ушул эле жылы немис тилиндеги котормосунун бир бөлүгү Германиянын Лейпциг шаарында жарык көргөн. Демек, ошол жылдары эле түрколог Радлов эпосту Европага таанытыптыр. Совет доору башталгандан кийин, 1925-жылы алгач ирет Тыныбек манасчынын варианты боюнча жарык көргөн. Ошондон тарта эле бөлүк-бөлүгү менен улам басылып отурган. Акыркы жолу, 2015-жылы Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы 180 миң сап тогуз томдук болуп жарык көрдү. Ал эми Жусуп Мамайдын айткан варианты Кытайда 18 том менен чыккан. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча жарык көргөндөрү да бар. 

13. Изилдөө иштери. Учурда "Манас" эпосун изилдеген Кыргыз Илимдер Академиясында Манас таануу бөлүмү бар, ал жерде бардык кол жазмалар сакталат. Ишеналы Арабаев атындагы университетте Манас таануу институту, Кыргыз улуттук университетинде Манас таануу кафедрасы иштейт. 

14. "Манас" көп тилге которулган. Окумуштуулардын айтымында, дүйнөдөгү ири делгендеринин ичинен араб жана испан тилинен башка, көптилдерге которулган. Алар орус, кытай, англис, немис, француз, япон, фарс, монгол, чех, болгар, венгер, уйгур, казак, өзбек сыяктуу бир топ тилдер.

15. Дүйнөлүк мурастардын катарында турат. "Манас" эпосунун үчилтиги ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине Кыргызстандын атынан катталган.

Ошентип кыскарта айтканда Манастын Алтайда төрөлүшү, кыргыздарды ата-мекени Ала-Тоого көчүрүп келиши, анын баскан жолу, кыргыз урууларын жана башка элдерди бириктирген аракети, улут жараткандыгы, кыргыз эли үчүн жасаган эрдиктери, айкөлдүгү, кечиримдүүлүгү, ата мекенчилдиги, досторго болгон мамилеси, үй бүлө күтүүсү, мамлекет түзгөндүгү, аны башкарууда демократиялык жолду кармана билгендиги, калыстыгы, туура чечим кабыл алгандыгы деги эле жан дүйнөсүнүн тазалыгы менен бүгүнкү күнү урпактарды тарбиялоонун үлгүсү болуп келген жана кыргыз эли барда ал таасир эч качан жоголбойт. Кыргыз элинин баатырдык эпосу "Манас" калпак кийип, кыргыз тилинде сүйлөгөндөрдүн сыймыгы. Ал элдин туу туткан, руханий азыгы, идеологиялык багыт алган жол көрсөткүчтөрүнүн бири. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов таамай аткандай, кыргыз рухунун туу чокусу.

Комуз күүлөрү. Дүйнөнүн элдеринде ар кандай музыкалык аспаптар бар, алардын пайда болуш тарыхы өтө терең. Адам баласы алгач чогуу жашоо (общиналык) коомунун шартында улам барган сайын акыл, аң-сезими өркүндөп, өсүп отуруп, өзүнүн жашоо шартына, тиричилигине ылайыктап, ар кандай өсүмдүк жыгачтарынан, малдардын башынан, мүйүздөрүнөн үн коштоочу аспаптарды ойлоп таап, аларды бири-бирин чакырууга, айбанаттарга аңчылык кылууга, үркүтүүгө, үн аркылуу үйрөтүүгө пайдаланып келишкени тарыхта белгилүү.

Кыргыз элинин эзелтеден колдонуп келген музыкалык аспаптарынын тарыхы да эң эле байыркы тереңдикке кетет. Кыргыз тарыхынын энциклопедиясынын туу чокусу болгон Манас эпосунда, Манас атабыз кеселдеп жаткан учурунда, белгилүү манасчы Сагымбай Орозбаковдун айтымында: “Карагай капкак жаптырган, Комузчудан жүздү алдырган” деген жери бар. Демек, комуз Манастын убагында эле бар экени айкын. Андан мурдагы тарыхый булактарга сереп салып көрсөк. Кытай тарыхчысы Анвар Байтур: “Комуз музыкасы жаңы эрадан илгери биринчи кылымдарда ата мекенибиздин ички аймактарына таркаган. Жаңы эрага чейин 33-жылы Хан империясынын падышасы Хан- Юальдий ордо кенезектеринин бири болгон Ван-Хавчук деген кызды Уннулардын теңири кутуна “падышасына” узаткан. Бир канча жылдан кийин Ван-Хавчук өз мекенине Чоң-Аит шаарына кайтканда бир музыка ала келген. Конок ашында отурган бир аалым: “Бул музыканын аты эмне?” деп сураган. “Бул кобус деген музыка болот” деп жооп берет. Ван-Хавчуктун айтуусу менен эле “кобус” кыргыздардын “комуз” деген сөзүнөн чыккан болсо керек” деп болжолдогон[3].    

Жапандык музыка адиси Аясы-Канту (Ли-Чан-Сан) “Чыгыш музыкаларын изилдөө” аттуу эмгегинде кыргыз комузу жунгонун (кытайдын) Таң империясынын тушунда Ханзу (кытай) музыкалары менен бирге Жапанияга барып калган. Жапандыктар бул музыкага өтө көңүл буруп, кыргыз комузунун негизинде “Кьото” деген музыканы ойлоп табышкан. “Кьото” – “кылдуу музыка” дегенди билдирет”- деп жазат [4]. 

“Кобуз” музыкалык аспабы көптөгөн аспаптардын ичинен 11-кылымга таандык болгон Махмуд Кашгаринин “Түрк тилдеринин сөздүгүндө” кездешет. Тарыхый музыка изилдөөчүлөр комузга кайрылып, анын кайсы кылымга таандык экенин изилдөөгө эмгектерин арнашкан. Орус окумуштуусу С.Дмитриев: “Түрктөрдүн руникалык жазууларынан 8-кылымдын башында пайда болгон кобуз кийин эң кеңири тарап, кала берсе азыркы улуттук маданияттын арасында Украинанын кобзосына салыштырсак, жалпы эле түрктөрдүн улуттук музыкалык аспабы катары кеңири белгилүү болгон” - деп жазган.

Белгилүү музыка таануучу,Кыргыз Республикасынын эл артисти Балбай Алагушовдунизилдөөсө боюнча«Комуз» аспабынын чыгышы жөнүндөгү элдик уламалардан тартып окумуштуулардын ар кыл ойлорун берет да, «комуз» деген терминдин түрк тилдүү элдерде ар түрдүү: хомус, кобыз, комус, кумус, хомыс, кобыз, кобуз деген ж. б. аттарда аталарын, алардын бири чертме, экинчиси тартма, үчүнчүсү какма музыкалык аспаптар экендигин  баяндайт. Ошондуктан, айтылган аттар “кобуз”, “кобыз”, “кобус”, “кабаза” деген аталыштар бир эле убактарда өзгөрүлүп айтылып келгендери да жок эмес. Бизге жеткени – “кобыз”, “копуз”, “кумус”, “хобус”, “хомыз”, “хомус”, “комус” деген өзгөрүлмө аттар. Кыргыздын эзелки сөздөрүндө “с” тамгасы “з” тамгасына караганда көп пайдаланылып, этнонимге да таандык болгону анык. “К” тамгасы эл аралык сөз терминде, айрыкча коңшулаш кытай элинде “Х” же “Г” тамгалары көп пайдаланылгандыктан, фонетикалык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында биздин сөздөрүбүздө кийинчирээк комуз деп айтылып калышы талашсыз. Демек, комуз деген сөз кыргызда фонетикалык термин катары “кол-музыкасы”, “кумус”, “кү-мүс” деген сєз кыргыздын “ү” тамгасы, же болбосо “Күн” - “Хун” деп айтылып кеткен сыяктуу эле, “Күү» -музыкасы”, “кыл-музыкасы” деген түшүнүктү берерине ынанууга болот. Кыргыз менен Жапандыктардын музыка түшүнүгүндө бир маанидеги музыкалык түшүнүктү айтып турган жалпылык бар, “кылдуу музыка» менен “кыл-музыкасы” эгиз козудай окшош. Жыйынтыгы - “кол - күүлөрү”, “кыл – күүлөрү”, “кылдуу-күүлөр” комуз күүлөрүнүн жаралыш тарыхына келип такалууда.

Кандай болсо даүч кылы шаңшып, сырттан жупуну көрүнгөн кыргыз комузунун айтып бүткүс тарыхы бар [5]. Мындан эки миң жылдан ашуун мурун эле байыркы Энесай кыргыздарынын колунда ойноп келгенине карт тарых өзү күбө. Комуз үч кыл буроо, капкак, чара, моюн, жана тепкеден тарат. Кичине аспаптан чыккан үн бирде коңур, бирде булбул үндүү созолонуп, уккулуктуу келет. Элибиздин турмуш, жашоо өмүрүн үч кыл күүгө салып койгондой туюлат. Бир гана үнгө жан шерик болбостон, түшүнгөнгө күүнүн мукамы тээ байыркы ата-бабаларыбыздын ыйык турмушу, жашоо көчүн адам элесине тартат. Мындай элибиздин нукура жүрөгүнөн эргип чыккан комуз тарыхына кызыгып, аны азыркы коомдун түшүнүгүндө баян кылууабзел.

Комуз кыргыз элине таандык аспап болгондуктан, анын жаралуу күндөрүндө эле, ага элибиздин энчилүү аты Кыргыз диалектисине тийиштүү сөздөрдөн аталуусу керек эле. Комузда кол жөндөмү өзгөчө чеберчилик менен талап кылынгандыктан аны эң оболу "Кол-уз" деп атап калган сыяктанат. Анткени комузду байыркы эл ырга коштоп пайдаланбастан, керемет күндөрүн, кайгы-муңун, азабын, сүйүүсүн күүгө келтирип мукам чертишкен. А түгүл эзелки күүлөрдүн муңунда адам арманы, дастан, кайгысы катылып жаткан өңдөнүп, кээ бир күү түшүнгөндөр анын жандырмагын чечмелеп беришет. Кээси эзелки элдин улуу көчү көз алдыга тартылаарын айтышат. Анда көп жөндөмдүүлүктүн дагы бири, канаттуулар, өйдө-ылдый шилтеп, ийин, чекеге коюп черткенинин өзү кол жөндөмдү, уздукту айгинелеп турарын танууга болбойт. Жангуанхан жазган "Кыргыз салт-санаалары" деген китепте "Комуз" деген сөз кыргыз тил диалекти "Ку оз" деген сөздөн улам келгени, ал "Шумдуктуу үн" же "Укмуштай добуш" деген маани берээри айтылат. Ошондой эле, комуздун дагы бир өзгөчө окшоштугу "Коңуз" менен дагы байланышып кетет. Ал Комузга түспөлү (фигурасы) жагынан да, анан калса коңур добушу, үнү менен дагы салыштырууга болот. Ошентип комуз кыргыз элинин улуттук аспабы эле болуп калбастан, тарыхын, кайгы муңун, жашоо шартын, энсөөсүн, келечегин аныктаган, урпактан урпакка өткөрүп келе жаткан жан дүйнөсүнүн кабарчысы,  ыйык туткан, аздектеген мурасы.

Комуздун жардамы менен аткарылуучу күү озунун маанисинин байлыгы, жанрдык – тематикалык жана ритмдик өзгөчөлүгү менен укан көргөндөрдү кызыктырат. Ал гана эмес, бул комуз кылынан чыккан кереметүү, таңшандыруучу үн изилдөөчүлөргө да абдан кызыктуу. Комуз күүсү өзүнүн  чертилишинин ыгы, ылдамдыгы, сол колунун жайгашкандыгына жана  аспаптын толгонушуна, оң колдун жардамы менен комуз кылдарынан үндүн чыгарышы боюнча башкача айтканда ойноо ыгына жана анын көркөм, терең маанисинин көптүгүнө жараша обон күүлөр, айтым күүлөр жана залкар күүлөр деп үч негизги топко бөлүнөт.

Обон күүлөрдүннегизинде өзүнүн аталышынан эле көрүнгөндөй, элдик ырлардын обондору жатат. Алар өзүлөрүнүн көлөмү, формасы жана ойноо ыкмалары боюнча айырмаланат. Өзүнүн маани маңызына жараша алар эпикалык, лирикалык, трагедиялык, жашоо-турмуштук, патриоттук жана башка болуп бөлүнөт. Өзүнүн формасы боюнча аспаптык миниатюра болгон, эпикалык күүлөр элде көбүрөөк таралган. Мында кыргыз музыкасыны эпоско болгон тартылуусу, сүйүүсү көрүнөт. Албетте, манасчылардын өнөрү аспаптык жанрдын калыптанышына чоң түрткү болгон. Комузчулар белгилүү эпикалык жана тарыхый ырлардын чертилишинде сюжетти, обонду өздөштүрүп, өркүндөтүп отуруп, жаңы «аспаптык эпостун» жаратуучулары болуп калышкан. Ал өзүнүн алгачкы абалынан чертилиши менен гана айырмаланбастан, анын эпостук каармандардын өз көзү менен сүрөттөлүшүнүн көлөмдүгү менен айырмаланат. Кыргыз комуз музыкасында эпос жана дастандын башкы каарманынын атын алган көптөгөн чыгармалар бар. Алардын ичинде: «Мендирман», «Солтон Сары», «Жаныш-Байыш», «Сарынжи-Бөкөй», «Курманбек», «Каныкейдин арманы», «Гүлгаакы», «Ак Бакай», «Кетбука».

Ырдык жанрдагы жашоо-турмуштук жана лирикалык маанидеги күү миниатюралар да кездешет. Көбүнчө махабатты, сулуулукту мактап, ырдаган чыгармалар айымдардан образдары жана аттары менен байланышкан. Мисалы: «Налима», «Батмакан», «Мистекан», «Сайракан» ж.б.

Айтым күүлөр– өзгөчө жана бай жанрдуу кыргыз музыкасынын тобунун бири. Бул топтун чыгармалары өзүнүн мазмуну жана өтө мыкты, кол ойнотуп чертүүсү менен айырмаланат. Бул күүлөргө чертилүүнүн темпераменттүүлүгү, комузчунун көркөм кыймыл аракеттери жана анын аспапты колдоно билүүсү таандык. Кээде комуз күүсү аткаруучунун түшүндүрмөсү, эпизоддук ырлар менен коштолот. Мисалы бул топко: «Көйрөң күү», «Ак тамак, көк тамак», «Армандуу чымчык», Осмон жана Субан», «Сары барпы», «Ак куу».

Залкар күүлөрөз өнүгүүсүн улуу комузчулардын салттык багыттагы өнөрүнөн алган. Бул топко кирүүчү күүлөрдүн түрлөрү: «Камбаркан», «Ботой», «Шыңгырама», «Кербез». Алар илгерки убакта эле пайда болуп, элге жайыла таркаган. Комузчулар иш жүзүндө күүнү жаратуучу жана  аны аткарып, өз өнөрүн таратуучу, атагын чыгаруучу да болушат. Чыгармалар бир муундан экинчи муунга оозеки түрдө берилүүсүнүн натыйжасында аталышы бирдей, бирок чертилиши айырмаланган б.а. ар бир комузчу өзүнө жаккан кайрыктарды кошуп отуруп, түрдүү варианттары пайда болгон.

Ала турган болсок, «Күү башы камбаркан», - дегендей, Камбаркан эң илгерки күү болуп эсептелет. Комузчулардын өнөрүнүн өнүгүшүнүн натыйжасында, ал ар кандай варианттарда жана аталыштарда аткарылган. Кылым карыткан кыргыз күүлөрүн кийинки урпактарга жеткирген күү жаратуучулар, атактуу комузчулар болгон, алардын катарын  Ныязалы Борош уулу, Т.Сатылганов, К.Орозов, М.Куреңкеев, Ы.Туманов, М.Жаманкараев, К.Белеков, А.Бейшүкүров, А.Огонбаев, Ш.Шеркулов, Н.Абдрахманов, Ч.Исабаев, П.Баяков, ж.б. толуктап турушат. Ал эми азыркы күнү комуз күүсүнүн өнүгүүсүнө салым кошуп келе жаткан комузчуларыбыз С.Тохтакунова, Р.Аманова, М.Бердибекова ж.б.  

Комуз күүлөрү мурда ар бир боз уйдө бир адамдын аткаруусунда чертилсе, азыр филармонияда чоң улуттук оркестрде, ансамбльдерде, “Көчмөндөр оюндарында”  1000 комузчунун аткаруусунда жаңырып жатат. Айрым таланттуу жаштарыбыз комузда дүйнө элдеринин ыр-күүлөрүн, белгилүү чагрмаларды аткарышып, комузду дүйнөгө таанытууда.

         Ата-бабадан калган бул ыйык музыкалык аспап, кийинки урпактардын жан дүйнөсүндө кандай орун алып жаткандыгын жаштардын комузга болгон ынтаасынан байкоого болот.

  1. Каада-салт. Ата-бабаларыбыз пайдубалын куруп, турмуштун ыргагына ылайык  ондоолорду киргизип отуруп, нарктуу каада-салттар бизге жеткендигине тарых күбө. Тарыхый булактарга, «Манас» эпосуна кайрылып, өткөн окуяларга назар салып, көчмөндөрдүн көөнөрбөс каада-салттары, наркы узак кылымдар бою туруктуу сакталганына, өнүгүүнүн өз алдынча динамикасынын бар экендигине ынанууга болот.

Бизге келип жеткен каада-салттар, ата-бабалардын турмуштук жагдайларынан агылып чыккан табихый табылга. Каада-салт элдик ой мудөөлөрдүн, тарбиялоо ишмердүүлүгүнүн, рухий байлыктардын сандыгы. Эл тарабынан колдоого алынган нарктуу жол-жоболор, эрежелер каада-салттарда катылган, тескерисинче, нарктуу каада-салттар эл тарабынан сакталып келген. Ошентип, каада-салт феномени этностук өзгөчөлүктөрдү баалоого да жөндөмдүү.

«Каада-салт» сөзүнүн өзү да, терең маани берсек, өзгөчө кубулуш экендиги жөнүндө маалымат берет. Бул эки сөздүн өз-өз туйуму бар. Айтылган ой Чоюн Омуралы уулунун «Теңирчилик» [6, 92-93-б] деген китебине чагылдырылып, бул сөздөрдүн ар биринин маани-маңызына Кун Фузылыктын негизинде жетүүгө аракет жасаган.

Ал эми кыргыздардын кабыл алуусунда личносттук эпитетте, «каада» түшүнүгү өзгөчө мааниге ээ. Ар бир жаш курактын өзүнүн «каада» күтүүсү, өзгөчөлүгү бар. Элдер менен мамиле түзүүнүн салттуу жолдорун билген адамды «каадалуу» деп коюшат. Адамгерчилик, аруулук, чынчылдык, жөнөкөйлүк – «каада» категориясында камтылган. Каада-салт деп чогу айтылып жүрүшү да бекеринен эмес. Ал адамдагы табигый жана табылга өзгөчөлүктөрдү, анын коомдо аткарган ролун өз ичине алат.

Адамдардын жарыкка келишинен баштап, өмүрүнүн акырына чейин каада-салт коштоп жүрөт деп айтууга негиз бар. Анткени каада-салт адамдагы туулгандан берилген жана туунду сапаттарды көрсөтүүчү социалдык-психологиялык феномен.

 Элдик каада-салттар, улуттук мурастар, маданият илимий проблема катары, азыркы чыгыш жана батыш өлкөлөрүндөгү  психологдордун көнүлүн буруп келген.

Л.С.Выготский, С.А.Рубинштейн, А.Н.Леонтьев ж.б. эмгектеринде элдин улуттук мурастары личностун жүрүш-турушун башкаруучу базалык билим берүү булагы катары каралган.

Ал эми америкалык психологдор М.Мид, У.Бронфенбреннер, Э.Эриксон, каада-салттарды социалдык экономикалык таасирдин негизинде калыптануучу, улуттун өзүн-өзү аңдап билүүсүнүн негизи катары карашкан.

Л.С. Выготский тарабынан психиканын өнүгүшүнүн маданий-тарыхый теориясы иштелип чыгып, улуттук маданияттын жана тарыхый шарттын адам психикасынын өнүгүшүндөгү ролуна баа берген.

Кыргыз элинде мектеп жашына чейинки балдардагы нарктуулуктарды калыптандырууда каада-салттардын тийгизген таасирин Т.А.Коңурбаев[7] изилдеген. Ал диссертацияда улуттук мурастар, каада-салттар баланын жаш мезгилинде канына сиңип калбаса, андан кийин кеч болуп кала тургандыгын белгилеп, баланын өнүгүшүн камсыз кылган элдик нарктуу каада-салттар бөлүнүп алынган. Ал каада-салттар төмөндөгүлөр:   сүйүнчү, азан, ат коюу, көрүндүк, бешик той, кыркын чыгаруу (ит көйнөк), карын чачын алуу, карын тырмагын алуу, тушоо кесүү, колго суу кую, бата.

Бул каада-салттардын кыргыз баласынын нарктарынын калыптанышында орду теңдешсиз экендигин психологиялык  өңүттө биринчи жолу караган.  Бизди баарынан мурда кыргыздардын наристеге болгон кам көрүү, сүйүү сезиминин муундан-муунга өткөрүү жолу жана катышкан адамдарга тийгизген таасири кызыктырды. Ар бир каада-салт катышкан адамдардын, жаш балдардын жана наристенин (ал түшүнө бербесе да) өзүнүн да оң эмоционалдык абалын камсыз кыла тургандыгы белгилүү болду.  Төмөндөгүдөй ачык эмоциядагы, оригиналдуу аракеттер бөлүнүп алынды:

- сүйүнчү айтуу;

- наристенин бетин ачып, бетинен сүйүү;

-  жентек берүү, чачыла чачуу;

- арча менен аластоо;

- бешикке бөлөөдө жаздыктын алдына буюмдарды коюу;

- бешикке бөлөгөн байбиченин ыйлак болуп калбасын деп, боорсок тиштеп алышы;

- 40 кашык сууну даярдоо;

-   «ит көйнөктү»чечүү;

- кырк курак көйнөк кийгизүү;

- Карын чач, карын тырмагын бекитүү же тумар кылып тагуу;

-тушоо кесүү үчүн жарыш ж.б.у.с.

Көрүнүп тургандай аталган кыймыл аракеттер жөнөкөй, чоңдор аткарып жатышса да балдар катыша алышат, байкап турушат жана өз алдынча кайталашат. Аткарылып жаткан жөрөлгөлөр: күлкү, колдоо, өбүү, белектер, майрамдык маанайлар менен коштолуп турат. Вербалдык деңгээлде балага болгон мамиле көрсөтүлүп, катышуучулардын каалоолору, баталары берилет.   Карын чачын бекитип жатып - “башың аман болсун, эч ким башыңды аттабасын”, карын тырмагын бекитип – “колуңдан жакшы иштер бүтүп турсун, жөндүү бол”, кыз баланы жаздыгынын алдына кайчы же ийне коюп – “чебер, уз бол”, ал эми эркек балага чукө коюп – “байлыгың көп болсун, шамдагай бол”,   тушоосун кесип жатып – “жолу шыдыр болсун, ак менен караны ажыратып жүр” – деген сыяктуу каалоолор, баталар айтылган. Бул айтылгандар сөздөр кыймыл аракеттер, эмоциялар  менен коштолуп, балдарга таратылган таттуулуктар, майрамдык маанай менен бекемделип турат. Ар дайым эмоционалдык колдоо (жугуу) жагдайы түзүлүп, балдар менен чоңдордун жалпы аракети жаралат.  Мындай жагдайдагы наристеге арналган катышуучулардын жалпы аракети, этникалык нарк  катары кабыл алынууга тийиш.  

Каада-салт жана этникалык нарктар, биздин көз карашыбыз боюнча, форма жана мазмун категориясында каралат. Бул учурда каада-салт форма, ал эми элдин негизги нарктары мазмун катары бекемделип, сакталып келет.  Белгилүү болгондой, форма мазмундун өзгөрүүсүн кечеңдетип турушу да мүмкүн. Биздин учурда сациалдык-экономикалык шарттар балалыктын жана балдардын нарктарын түшүрүп жибериши мүмкүн (үйдө балдардын санынын азайышы, балдарга болгон мамиле ж.б.), ал эми каада-салттын сакталып туруу күчү андай өзгөрүүлөргө туруштук берип, улуттук мурастарды жана жалпы адамдык нарктарды  сактап калууда прогрессивдүү роль ойнойт деп айтууга негиз бар.

Биз бөлүп алган каада-салттарга улутубуздун энциклопедиясы аталган “Манас” эпопеясында кандай орун берилген деген суроонун айланасында карап чыктык.  “Манас” эпопеясы өз учурунда бала-бакчанын, мектептин, жогорку окуу жайдын деги эле азыркы учурда биз билген баардык окутуу-тарбиялоо мекемелерин, институттарды, теле-радио берүүлөрдү, кино-театр, драм-театр, филармонияларды  алмаштырып келген деп айтсак аша чапкандык болбойт. Манасты угуу менен кыргыз ааламы таанылып, тазаланып, жан-жаныбарлар арууланып турган. Ал гана эмес Манастан, комуз күүсүнөн ооруу-сыркоолор сакайган. Мындай таасирдүү улут мурасы бардык эле элдердин энчисине тийген жок. Кыргыз элинин, кыргыздардын жан дүйнөсү гана “жандуу” чыгарманы өз ааламына батырып, сактап, XXI кылымга ооз-эки жеткире алды. Ушунун өзү урпактардын нарткарын калыптандырууда улуттук мурасыбыз – “Манас” эпопеясынын ролу деп айта алабыз.

 Кыргыз элинде салттын көп экендиги «Манас» [8] эпопеясында бекеринен  мындай сүрөттөлбөйт:          

                                    Байыркынын алпы көп,

Алпынан да калпы көп,

Ок тиштешкен анты көп

Түгөнбөгөн салты көп.

            Бул жерде сөз салттын сандык өзгөчөлүгү жөнүндө эмес, ар бир социалдык шартта адамдын журум-турум эрежеси, өзүн алып жүрүү жол жобосу, аракеттенүү багыты бар экендиги баян этилет. Демек, “Манас” эпопеясында чагылдырылган каада-салттардын формасы өзгөрбөстөн бизге жеткен деп айта алабыз. Ошол эле учурда биз бөлүп алган эле эмес, адамдын өмүрүн коштоп жүргөн каада-салттар эпосто арбын кездешет. Ал эми биз карап жаткан баланын төрөлүшү жана өсүшүнө багытталаган каада-салттар “Манас” эпопеясынын[4. 255, 261, 272, 264, 243] – беттеринде чагылдырылган жана бүгүнкү күнгө чейин мазмуну боюнча да өзгөргөн эмес.

            Жогоруда айтылгандардан агылар жыйынтык: улуттук мурастардын, биздин учурда, “Манас” эпосунун, комуз күүлөрүнүн, каада-салттардын урпактардын нарктуулуктарын калыптандыруудагы ролу теңдешсиз. Бул маселени психологиялык өңүттөн изилдөө келечектин иши. Биз болгону кыргыз элинин үч мурасынын азыркы жаштар багыт ала турган жактарына учкай токтолдук.

Жогоруда аталган үч мурас (“Манас” эпосу, комуз күүлөрү, каада-салттар)  жана Манастын руху кыргыз элинин ар бир мууну аттап өтө алгыс, касиеттүү нарктуулуктардын бири. Кийинки урпактарга мындай нарктарды сиңирип отуруу, алардын заманбап колдонууларын табуу, учурдун талабына шайкеш келтирүү бул багытта эмгектенип келе жатышкан окумуштуу педагог, психологдордун,  изилдөөчүлөрдүн милдети. Ар бир улуттун мындай нарктарын изилдеп, жаш муундарга берип туруу, айрыкча азыркы ааламдашуу мезгилинде, улутту жана мамлекетти сактап калуу чакырыгына тете жумуш.