Мамлекеттик тил жана маданият институтунда Эл аралык Эне тил күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү

20-февралда университеттин Мамлекеттик тил жана маданият институтунда Эл аралык "Эне тил күнүнө" карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чара Тил даярдыгы жана котормо кафедрасынын башчысы Эргешбаева Нуриса Абдысеитовна тарабынан уюштурулуп, ага кафедранын бардык тайпаларынын таланттуу студенттери катышкан.

Иш-чара студенттердин дүйнө эли белгилеп жаткан бул күндүн ЮНЕСКО тарабынан эне тил күнү деп жарыялангандыгын, ошондон бери ар бир элдин тил байлыгын өркүндөтүү максатында белгиленип келе жаткандыгын баяндоо менен башталды.

Кечеде студенттер кыргыз, орус, англис, корей, япон жана кытай тилдериндеги чыгармалардан кыскача сценка коюп, бул тилдерде ырлардан көркөм окуп, улуттук бийлерди, обондуу ырларды аткарышты.

Эң башкысы, өзүбүздүн эне тилибиз болгон кыргыз тили, анын келечеги тууралуу кызыктуу маек курушуп, башка тилди билүү жана ал тилде сүйлөө менен өз эне тилибизди унутта калтырбоо башкы максат экенин баса белгиленди.