КМУда “Кыргыз тилинде онлайн-билим берүү” долбоорунун маалымат жыйыны болуп өттү

     2018-жылдын 29-январда И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин  конференц-залында  “Кыргыз тилинде онлайн-билим берүү” долбоору   тууралуу Борбордук Азиядагы Америка университетинин (БААУ) маалымат жыйыны болуп өттү.

    Бул жыйында Кыргызстанда орус тилдүү, же англис тилдүү контентти түшүнүүдө кыйынчылыкка  дуушар болуп жаткан колдонуучулар үчүн ар түрдүү предметтер боюнча кыргыз тилиндеги билим берүү дисциплиналарын кѳрсѳтүүчү ilimelim.kg интернет-порталы тууралуу жана бул демилгенин келип чыгуусу жана тарыхы жөнүндө кеңири маалымат берилди.

Бул долбоор Борбордук Азиядагы Америка университетинин (БААУ) окутуучулары Руслан Рахимов жана Элира Турдубаева тарабынан демилгеленип, жана бул идея бир катар окутуучулардын колдоосуна ээ болгон. Аны ишке ашырууга  “Сорос- Кыргызстан” Фонду толугу менен кѳмѳк кѳрсѳтүп, каржылык жактан колдоп берген.

Жалпысынан 140 саатка созулган бул видеокурстарга  чет мамлекеттерде  квалификациясын жогорулатууда, методологиялык семинарларга, конференцияларга, ошондой эле ар түрдүү долбоорлорго катышып, бай тажрыйба топтогон Кыргызстандагы ЖОЖдордун окутуучулары катышып, алар прикладдык жана теориялык предметтер боюнча билимдери менен бөлүшүп, видеосабактарды уюштурушту.

Мисалы, видеолекциянын форматында “Изилдѳѳнүн методдору”, “Англис тили”, “Жаштар социологиясы”, “Манас таанууга киришүү”, “Саясат таануунун негиздери” ж.б. курстар окутулду.

    Демилгечилердин билдирүүсүнө караганда аталган видеокурстар студенттерге, мектеп окуучуларына жана ошондой эле кыргыз тилинде билим алгысы келген бардык каалоочуларга багытталган. Курстардын баары акысыз жана бир гана кыргыз тилинде жүргүзүлдү.

     Бул долбоордун негизги максаты – колдонуучуларга жеткиликтүү, түшүнүктүү негизде билим берип, керектөөчүлөр менен байланыш түзүүболду. Курстар ilimelim.kg видеопорталында жайгаштырылып, ошол эле учурда аны ютуб-видеоканалынан дагы көрүүгѳ мүмкүн экендиги айтылды.