Белгилүү окумуштуу Сулайман Кайыповдун «Түркияда жашаган Памир кыргыздарынын кошоктору» жана «Түркияда жашаган Памир кыргыздарынын макал-лакаптары» аттуу китебинин бет ачаары болуп өттү

     22-февралда И.Арабаев атындагы КМУнун чоң жыйындар залында фольклорчу-этногрaф, тилчи, текстолог, жазуучу-публицист, котормочу, журнaлист, филология илимдеринин кaндидaты, тaрыx илимдеринин доктору, Сократ атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты, белгилүү коомдук ишмер Сулайман Кайыповдун «Түркияда жашаган Памир кыргыздарынын кошоктору» жана «Түркияда жашаган Памир кыргыздарынын макал-лакаптары» аттуу китебинин бет ачаары болуп өттү.

Китептин бет ачаар аземине белгилүү коомдук жана маданий ишмерлер, илимпоз-окумуштуулар, университеттин окутуучулары жана студенттери катышты.

Аземди ачуу үчүн сөз ректор Төлөбек Абдырахмановго берилди. Т.Абдырахманов С.Кайыповдун кыргыз эли үчүн жасап жаткан эмгектерине кыскача токтолуп өттү. Ошондой эле куттуктоо сөз мамлекеттик жана коомдук ишмерлер А.Жекшенкуловго, Т.Тургуналиевге, А.Эркебаевге ж.б. берилди.

«Сулайман Кайыпов ар тараптуу инсан. Ал эч кимдин эрки жетпей турган ишти аткарды. Анткени окумуштуу «Түркияда жашаган Памир кыргыздарынын кошоктору» жана «Түркияда жашаган Памир кыргыздарынын макал-лакаптары» аттуу эмгектери аркылуу Памир кыргыздарынын жоголуп бара жаткан маданиятын, салтын жандандырды», – дешти, алыскы Түркия мамлекетинен келген коноктор.

С.Кайыповдун айтуусуна караганда, аталган китептер көп убакытта жазылып, абдан чоң эмгекти талап кылган. Ал Памир кыргыздарынын кошок ырларынын жана макал-лакап жанрынын өзгөчөлүгү, мааниси ж.б. кеңири токтолуп өттү.   

Аземдин жүрүшүндө төкмө акындар, ырчылар, окумуштуунун окуучулары элдик ырлардан, дастандардан аткарышса, ал эми студенттер өздөрүнүн кызыктуу суроолорун беришти.