Стресстин психологиялык механизми, андай абалдан чыгуунун жолдору

    25-февралда врач-психиатр Ш.Өмүралиев университеттин окутуучуларына жана студенттерине «Стресстин психологиялык механизми, андай абалдан чыгуунун жолдору» деген темада семинар-тренинг өткөрдү.

Семинар Окуу иштери боюнча проректор Т.Коңурбаевдин колдоосу менен уюштурулуп, бүгүнкү күндө адам баласынын турмушунда стресстин таасири күндөн-күнгө кулач жайып бара жаткандыгын айтып өттү.   

Врач Ш.Өмүралиев стресстин пайда болушу, алгачкы белгилери, андан арылуунун жолдору, ден-соолукка тийгизген таасири жөнүндө кеңири баяндады.

Соңунда, семинардын катышуучулары Ш.Өмүралиевге суроолорду берип, кызыктуу жоопторду ала алышты.