Ден-соолук – 2018

   2018-жылдын февраль айында Бишкек шаарындагы жогорку жана орто окуу жайлардын кызматкерлеринин «Ден-соолук – 2018» Спартакиадасы болуп өттү.

Спартакиадага жалпысынан 10 жогорку жана орто окуу жайдын командалары катышып, анда И.Арабаев атындагы КМУнун окутуучулары тогуз коргоол жана волейбол боюнча өткөн мелдештерде өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүштү.

13-18-февраль күндөрү Ж.Баласагын атындагы КУУнун спорт залында волейбол боюнча мелдеш өтүп, И.Арабаев атындагы КМУнун 40 жашка чейинки эркектер арасында волейбол боюнча курама командасы 2-орунду камсыз кылды.

Ал эми тогуз коргоол оюну боюнча кыз-келиндер арасында өткөн мелдеште И.Арабаев атындагы КМУнун окутуучулары 3-орунду ээлешти.