Көркөм маданият жана билим берүү факультетинде «Нооруз» майрамына карата кече болуп өттү

   2018-жылдын 19-мартында Көркөм маданият жана билим берүү факультетинде «Нооруз» майрамына карата кече болуп өттү.

Факультеттин деканы Э.Токсонбаева Нооруз майрамынын салтына ылайык аластоо ырымын жасап, кыргыз элине ынтымак, кыргыз жерине тынчтык, университетке өнүгүү каалады.

Университеттин ректору, профессор Т.Абдырахманов факультеттин кызматкерлерин жана студенттерин ыйык Нооруз майрамы менен чын-дилден куттуктады.

Факультеттин окутуучулары жана студенттери Нооруз майрамында абдан жакшы маанайда жүрүштү. Бир күн бою кыргыз элинин улуттук кийимин кийип, сүмөлөк бышырып, улуттук тамак-аштардын түрүн даярдашты.  

Факультет таланттуу инсандарды даярдап чыгаргандыктан, бул күнү студенттер конокторго жогорку деңгээлдеги концерттик программа тартуулап, саркеч кийимдердин көргөзмөсүн көрсөтүштү.

Майрамдык кеченин соңунда салтанаттын уюштуруучулары конокторду даам сызып кетүүгө чакырды.