КМУда кыргыз элинин желегин желбиреткен учкуч Союзбек Салиевдин сүрөт көргөзмөсү өттү

     27-мартта И.Арабаев атындагы КМУнун фойесинде кыргыз элинин желегин желбиреткен учкуч Союзбек Салиевдин сүрөт көргөзмөсү өттү. Көргөзмөгө 100 жакын сүрөттөр коюлган. Дүйнөнүн төрт тарабына жасаган саякаттары тартылган сүрөттөрдү көрүү үчүн келген студенттердин саны арбып, алар учкучтун жасаган эмгектерине абдан кызыгуу менен карашты. С.Салиевдин учкуч болуу анын кичине кезинен берки кыялы болгон. Ал дүйнөнү кыдыруу үчүн абдан көп эмгек кылган. Келечекте учкуч болууну каалаган жаштарга дүйнө кезип, саякаттоосуна жардам берерин айтып өттү.