Мамлекеттик тил жана маданият институтунда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата ЖОЖдор аралык олимпиада өттү

    2018-жылдын 4-апрель күнү аалам жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институту менен биргеликте кыргыз тили боюнча жогорку окуу жайлар аралык олимпиада өткөрүшкөн.

Олимпиадага Бишкек шаарындагы бардык окуу жайлардан студенттер катышып, анда студенттерге өздөрү тандап алган Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы жана коомдук ишмердүүлүгү боюнча сунушталган темалар боюнча долбоор даярдап, аны коргоп берүү талабы коюлган. Олимпиадада өздөрүн мыкты көрсөткөн студенттер жеңүүчү деп табылып, алар төмөндөгүдөй орундарды ээлешкен.

1-орунга Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин студенти Шакирова Эльнура, 2-орунга М.Кашкари атындагы Чыгыш университетинин студенти Абасканова Анара татыктуу деп табылса, ал эми 3-орунду К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти Анарбаева Айтурган ээледи.

Олимпиаданын соңунда, уюштуруучулар жеңүүчүлөргө Ардак Грамота жана акчалай сыйлыктарды тапшырышты.