КМУнун студенттери КРнын ЖОЖдор арасында болуп өткөн Универсиадада Эркин күрөш боюнча мелдеште I орунду камсыздады

     2018-жылдын 13-15-март күндөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин Мектеп жана студенттик спортту өнүктүрүү боюнча дирекциясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку окуу жайлар арасында 2018-жылдын Универсиадасы болуп өттү.

Аталган Универсиада Жалал-Абад шаарында өткөндүгүнө байланыштуу И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери машыктыруучу Илич Дыйкановдун жетектөөсүндө барып катышып келишти.

Эркин күрөш боюнча мелдеште кыздардын командасында 10 студент катышып, алардын тогузу 1-орунду камсыздаса, ал эми бир студентибиз 2-орунду багындырды.

Жыйынтыгында, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери I лиганын Эркин күрөш боюнча мелдешинде I орунду камсыздашты жана Жогорку лигага көтөрүлүштү.

Бул боюнча Дене-тарбия факультетинин башчысы Адис Самыйканов билдирип, студенттер аталган мелдешке көп убакыттан бери даярданып келишкенин баса белгилеп өттү.

Ийгилик жараткан спортчуларыбызга ден-соолук жана тынымсыз эмгек каалайбыз.