Тарыхта калган так менен келечек муунду тарбиялоо

    9-апрелде университеттин алдындагы колледждин студенттери «Тарыхта калган так менен келечек муунду тарбиялоо» урааны менен Ата-Бейит мемориалдык комплексине барып, Репрессия курмандыктарына, улуу жазуучу Ч.Айтматовдун күмбөзүнө жана 7-апрель – Элдик революцияда курман болгон баатырлардын эстеликтерине гүлчамбар коюп, аларга куран окушту.

Директордун орун басары М.Толоевдин айтуусуна караганда, жыл сайын бул тарыхый окуялар боюнча 10 күндүк жарыяланып, дил баян жазуу, сүрөт тартуу ж.б. иш-чаралары өткөрүлүп келген.

Он күндүктүн соңунда, студенттер 9-апрелде Ата-Бейитке барышкан. «Тарыхты жана ата-бабаны эскерүү, аны жаш муундарга туура жеткирүү ар бирибиздин милдетибиз. Бул иш-чараны уюштуруу аркылуу жаш муундардын патриоттук сезимин ойготуп, аларды Мекенди сүйүүгө чакыра алдык деген ишеничтебиз», – деди М.Толоев.