Тарыхчылар улут каймактары жаткан "Ата-Бейитке" барышты

    2018-жылдын 4-апрелинде Э.Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин студенттери, профессордук-окутуучулар курамы «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине ишембиликке барып, комплекстин аянтын тазалоо иштерин жүргүзүп келишти.

Иш-чара декан Назира Курбанованын жетекчилиги менен уюштурулуп, алгач Чоң-Таш айылындагы улут каймактары көмүлгөн жерге куран окуу менен башталды. 

Ата-Бейит мемориалдык комплексинин ачылышынын себепкери Бүбүра Кыдыралиеванын айтып берүүсү менен, бул жер 1991-жылы табылып, ошол учурда КГБда иштеген Болот Абдырахманов алгачкылардан болуп комплексти изилдөө ишин баштаганы маалым.

Бул эскерүү иш-чарасына Б.Абдырахманов да келип, студенттерге дарс окуп, музейди тааныштырып чыкты.

Ал эми келечектеги тарыхчылар Б.Абдырахмановго терең ыраазычылык билдиришти.