Улуттун жүзү – анын рухий баалуулуктарында

    13-апрелде академиялык мобилдүүлүктүн негизинде Ош мамлекеттик университетинен жана Ош гуманитардык-педагогикалык университетинен келген студенттердин өтүнүчү менен тарых илимдеринин кандидаты Октябрь Капалбаев чечендик өнөр жана кыргыз элинин баалуулуктары жөнүндө дарс окуду.

Семинардын жүрүшүндө, Октябрь Капалбаев «үрп-адат», «ырым-жырым», «адеп-ахлак», «каада-жөрөлгө», «каада-салт» сыяктуу маселелерге токтолуп, алардын өзгөчөлүктөрү жөнүндө кеңири түшүндүрмө берди.

«Ар бир улуттун ыйык туткан, эненин сүтү, атанын каны, элдин тарбиясы аркылуу кылымдан кылымга өтүп, сакталып келе жаткан рухий жана заттык баалуулуктары болот. Кыргыз элинин эзелтен сактап келген баалуулуктары: тарыхы, тили, дили, маданияты, каада-салты, үрп-адаты, ырым-жырымы, улуттук буюмдары, музыкалык аспаптары ж.б. абдан көп. Бул баалуулуктарды элибиз ыйык тутуп, аздектеп, башына караңгы күн түшсө дагы, башка элге тарттырып же тепсетип жиберген эмес.

Мисалы: кыргыз элинин каада-салттары. Илгертен каада-салтты жөнөкөй адамдан баштап, бий, болуш, хан, эл башкарган манаптарга чейин карманып, жазылбаган мыйзам катары кабыл алышкан. Каада-салтты мыкты билген адамдарды айылы, эли-журту кадырлап, сыйлап турган. Башка журттан куда-сөөк, мейман же душман келсе, «ой баягы салтты билген кадырлуу адамды чакырткыла, келген мейманды каадасы менен узаталы» – деп, салт билген адамдын накыл-кеби менен иш кылышкан.

Мейман дагы келген үйдүн кожоюнуна, үйүндөгү буюм-тайымдын алган ордуна карап мамиле жасаган.  

Мисалы: Үй ээсинин үйүнүн төрүндө камчы илинип турса, анда бул үйдө эркек адам жок экен деп, эгерде түлкүнүн териси илинсе, анда үйдүн ээсинин бойго жеткен кызы бар экен деп түшүнгөн», – деди О.Капалбаев.

Элибиздин дагы бир улуу мурастарынын, баалуулуктарынын бири чечендик өнөр тууралуу да кызыктуу маек курду.

Кыргыз эли улуттук баалуулуктарды ыйык тутуу менен, сөз багып, сөз маданиятын, б.а. чечендик өнөрдү да терең урматтай билген калк болгон. Анткени сөз аркылуу элдин маданиятын көрсөтүп, улуттун рухий жүзүн ачып бере алышкан. Сөзгө чечен адамдарды журт сыйлаган. Алар маданияттын жүзү болгондуктан, сүйлөгөн сөзүнөн гана эмес, кийген кийими, турган турпаты, жүрүм-туруму, кулк-мүнөзүнө чейин адамдарга үлгү болгон.   

  Негизи, сөздүн кудурети күчтүү болот. Ошондуктан, ата-бабаларыбыз «эч качан эл алдында бирөөгө жаман сүйлөп, шылдыңдап, шагын сындырба. Анткени, ал адамдын сага назары түшүп калса, өзүң айткан жаман сөздүн кесепетинен кырсыктап каласың» – деп, бекеринен айтпаган. Демек, кыргыздын барктап, аздектеп келген баалуулуктары ар бир кыргыздын каны, жаны менен бирге. Бирок доор алмашкан сайын, айрыкча, бүгүнкү технология өнүккөн заманда элдик баалуулуктар өзүнүн ордун жоготуп, коомго жараша адамдардын баалуулуктарга болгон көз-карашы, мамилеси солгундап бара жатат. Бул биздин негизги кемчиликтерибиздин бири десек жаңылышпайбыз», – деди чечендик өнөр боюнча адис О.Капалбаев.

Семинардын аягында, студенттер өз убактысын бөлүп дарс окуп бергендиги үчүн тарых илимдеринин кандидаты, чечендик өнөр боюнча устат Октябрь Капалбаевге терең ыраазычылык билдиришти.