Тазалык – ден-соолуктун булагы

Өткөн ишемби күнү Физика-математикалык жана маалыматтык технологиялар факультетинин, Манастаануу, Экономика жана менеджмент институтунун студенттери ишембиликке чыгышты.

Студенттер университеттин жана «Эркиндик» бульварынын айланасын тазалап, көчөттөрдү отургузушту. Ошондой эле окуу жайдын ичин жууп тазалашты.

«Тазалык – ден-соолуктун булагы» демекчи, студенттер адамдардын ден-соолугу үчүн мындай ишембиликти ар жума сайын өткөрүүнү туура деп эсептешет.

Ишембиликке катышкан студенттерге ыраазычылык билдиребиз.