Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов Ала-Тоо өнүктүрүү борборунун жетекчиси Мухаммед Али Абдул Карим менен жолугушту

2018-жылдын 11-апрелинде И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов Ала-Тоо өнүктүрүү борборунун жетекчиси Мухаммед Али Абдул Карим менен жолугушту. Жолугушууда тараптар айыл жериндеги мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, андагы негизги көйгөйлөрдү, маселелерди талкуулашты.

Соңунда, ректор Т.Абдырахманов колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн Ала-Тоо өнүктүрүү борборунун жетекчиси Мухаммед Али Абдул Каримге ыраазычылыгын билдирди.