Ректор Т.Абдырахманов Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Себахаттин Балжы менен жолугушту

    Апрель айынын алгачкы күндөрү университеттин жетекчиси, профессор Т.Абдырахманов Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Себахаттин Балжынын кабыл алуусунда болду.

Жолугушуу учурунда окуу жайдын жетекчилери өз ара байланышуу, кызматташуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, келечекте аткарыла турган иштер тууралуу маек курушту.

Жолугушуунун аягында, ректор Т.Абдырахманов профессор Себахаттин Балжыга терең ыраазычылык билдирди.