И.Арабаев атындагы КМУ

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери Универсиадада Эркин күрөш боюнча I орунду камсыздашты

    2018-жылдын 9-10-апрель күндөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин Мектеп жана студенттик спортту өнүктүрүү боюнча дирекциясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку окуу жайлар арасында 2018-жылдын Универсиадасы болуп өттү.

Аталган Универсиадага И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери катышып, II лиганын Эркин күрөш боюнча мелдешинде I орунду камсыздашты жана I лигага көтөрүлүштү.

Бул боюнча Дене-тарбия факультетинин башчысы Адис Самыйканов билдирип, студенттер аталган мелдешке көп убакыттан бери даярданып келишкенин айтып өттү.

Ийгилик жараткан спортчуларыбызга ден-соолук жана тынымсыз эмгек каалайбыз.