И.Арабаев атындагы КМУ

Талантка таазим

20-мартта «Сейтек» балдар жана жаштар борборунда көрүнүктүү илимпоз-педагог, үлгүлүү жетекчи, И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогика кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин доктору, профессор Калдыбаева Айчүрөк Токтополотовнанын 60 жылдык мааракесине арналган «Заманбап педагогикалык билим берүүнүн жана илимдин теориялык жана методологиялык көйгөйлөрү» аттуу илимий-чыгармачылык кечеси болуп өттү.

Илимий-чыгармачылык кечеге Кыргыз Республикасындагы алдыңкы окуу жайлардын жетекчилери, илимпоздор, өрнөк алган шакирттери, коңшу Казакстан Республикасынан келген окумуштуулар, КМУнун профессордук-окутуучулар курамы жана илимпоздун жердештери, жакындары катышты.

Кечени ачып берүү үчүн сөз, алгач И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Т.Абдырахмановго берилди. Ректор өз сөзүндө адистерди даярдоого салым кошуп келе жаткан сүйүктүү устаттын өрнөктүү өмүр жолуна, илимий-чыгармачылык жетишкендиктерине, илимдеги изденүүлөрүнө, адамдык сапатына кеңири токтолуп, университеттин атынан атайын куттуктоо баракчасын жана «Төш белгисин» тапшырды.

Уюштуруучулар коноктордун назарына Айчүрөк Токтополотовнанын бейнесин чагылдырган чакан тасма тартуулашып, андан соң куттуктоолорго орун беришти.

Маараке ээсине жылуу пикирлерин Кыргызстандын бардык аймактарынан, коңшу Казакстан Республикасынан келген өкүлдөр билдиришип, куттуктоо баракчаларын тапшырышты. Илимий баяндамаларга да орун берилди.

Соңунда, Калдыбаева Айчүрөк Токтополотовнанын урматына арналган «Сейтек» балдар жана жаштар борборунун чакан концерти тартууланды.