И.Арабаев атындагы КМУ

Биз экөөбүз

19-апрелде университеттин башкы имаратында белгилүү драматург, акын Жеңишкүл Өзүбекова жана обончу, аткаруучу, актер Асылбек Өзүбековдун «Биз экөөбүз» аттуу адабий чыгармачылык кечеси өттү.

Кечеде белгилүү инсандар кыргыз элине тартуулап келген чыгармаларынан аткарышып, көрүүчүлөргө жылуу маанай тартуулашты.

Акын Ж.Өзүбекова өзүнүн калемине таандык ырлардан көркөм окуу менен ар бир ырынын тарыхына токтолуп жатты. Ал эми А.Өзүбеков өмүрүндөгү эң эсте калган көңүлдүү күндөрүнөн эстеп, куудулдук өнөрүн да көрсөттү.

Жазуучунун «Сыңар сөйкө», «Апамдын махабаты» аттуу эмгектеринин көргөзмөсү да уюштурулду.

Адабий кеченин соңунда, бир туугандар бирге дует аткарышты.