КМУнун Экономика жана менеджмент институтунда «Ачык эшиктер күнү» өткөрүлдү

КМУнун Экономика жана менеджмент институтунда «Ачык эшиктер күнү» өткөрүлдү.

Аталган иш-чарага студенттер жана окуучулар катышып, институттун орун басары Ирина Энгельман абитуриенттерге «Экономика жана менеджмент» институту жөнүндө толук маалымат берди.

«Биздин институт университеттеги алдыңкы институттардын бири. Директор Ф.Турдукулов мындан 19 жыл мурун бул институтту ачкан. Андан бери институттан татыктуу мыкты кадрлар чыгып, алар өлкөбүздөгү ар кандай өндүрүш, бизнес, банк ж.б. тармактарда ийгиликтерди жаратып келе жатышат. Биз алар менен сыймыктанабыз жана сиздерди да бизден билим алууга чакырабыз», – деди И.Энгельман.

Бул институтту аяктап, учурда өзүнүн жеке компаниясында эмгектенип жаткан Ажара аттуу бүтүрүүчү да өзүнүн кайрылуусун билдирип өттү.

Иш-чаранын аягында, институттун студентери концерттик программа тартуулашты.