Sarmerden in English

Ч.Айтматов атындагы чоң жыйындар залында Филологиялык билим берүүнүн практикалык курсу кафедрасынын жетекчиси Шамурзаева Толкунай, окутуучу Эсенбаева Кундуз жана ага окутуучу Кулбилдиева Бактызаттардын демилгеси менен студенттер арасында «Сармерден» оюн-зоок иш-чарасы өттү.

Сармерден оюну «Sarmerden in English» деп аталып, ага 4 факультет: Физика-математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар, Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү, Биология жана химия, География, экология жана туризм факультеттеринин студенттери катышты.

Бул «Сармерден» оюну мурдагы оюндардан айырмаланып, кыргыз жана англис тилинде өттү, т.а. макал-лакаптар, табышмактар, жаңылмачтар, обондуу ырлар эки тилде аткарылды.

Ошондой эле улуттук бийлер, оюндар, чакан сценкалар көрсөтүлүп, кыргыз элинин улуттук баалуулуктарынын көргөзмөсү тартууланды.

Жыйынтыгында, эки топтун тең катышуучулары бирдей упай топтоп, эки тарап тең чыгышты.