Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин окутуучулары ОшМУда

      20-21-апрель күндөрү Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин окутуучулары Ш.Искендерова, Г.Акунова, Т.Токушова жана М.Суранчиевалар ОшМУнун Эл аралык мамилелер факультети тарабынан уюштурулган “Чыгыш таануу жана африканистиканын актуалдуу маселелери” аттуу эл аралык конференцияга доклад менен катышып келишти.

Конференцияга Кыргызстандын бардык жогорку окуу жайларынан, Ливан, Өзбекстан, Таджикстан мамлекеттеринен өкүлдөр келип катышты.

Мындан сырткары атайын макулдашылган планга ылайык ОшМУнун окуу корпустарына саякат жана конок лекциялары уюштурулду.

Англис тили негизги тил катары окутулган тайпага окутуучулар Г.Акунова жана М.Суранчиевалар англис тилинде “Критическое мышление” боюнча конок лекция өтүштү.

Конференциянын соңунда эки университеттин ортосундагы студенттик мобилдүүлүктү мындан да жандандыруу, конок лекцияларын эки тараптуу уюштуруу, магистранттардын өндүрүштүк практикалары боюнча келишимдерди түзүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.