И.Арабаев атындагы КМУ

Педагогика факультетинин студенти Наталья Ращупкина КРнын ЖОЖдор аралык Универсиадада байгелүү орундарды ээледи

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын арасындагы 2018-жылдынУниверсиадасы өткөрүлдү.

Универсиадага И.Арабаев атындагы КМУнун студенттери да катышкан.

Универсиаданын ΙΙ лигасынын жеңил атлетика мелдешинде Педагогика факультетинин 2-курсунун студенти Наталья Ращупкина 100 м чуркоо боюнча III орунду, узундукка секирүү боюнча I орунду жана эстафеталык чуркоо боюнча III орунду камсыз кылган. Ошондой эле жаштарды ден-соолуктуу жашоо образына үгүттөгөндүгү жана дене-тарбия, спорт тармагына зор салым кошкондугу үчүн Диляра Нурлаева Ардак грамота менен сыйланган.

Бул боюнча факультеттин кызматкерлери билдиришти. Жеңиш алып келген спортчуларыбызга ийгилик жана ден-соолук каалайбыз!