И.Арабаев атындагы КМУ

Ош шаарынан академиялык мобилдүүлүк боюнча келген студенттер экскурсияга чыгып келишти

       30-апрелде КМУда Ош шаарынан академиялык мобилдүүлүк боюнча келген студенттер «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине жана Бурана тарыхый-маданий эстеликтерине барып, экскурсияга чыгып келишти.

Алгач «Ата-Бейитке» барып, кыргыздын чыгаан уулдарына, дүйнөлүк феномен жазуучу Ч.Айтматовго жана Үркүнгө арналып тургузулган эстеликтерди көрүп, маркумдарга куран окушту.

Комплекстин кызматкерлери студенттерге кыргыз элинин көз карандысыздыгы жана келечеги үчүн күрөш жүргүзгөн инсандардын эмгектери жөнүндө айтып беришти.

Андан соң студенттер Бурана тарыхый-маданий жайына барып, андагы музей менен таанышып чыгышты.

Экскурсиянын соңунда студенттер Жаштар иштери боюнча комитеттин адиси Нүргүл Оторбаевага ыраазычылык билдиришти.