Иш билги инсан, окумуштуу-педагог

    И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору, педагогика илимдеринин доктору, эл аралык академиянын академиги А.Т. Калдыбаеваны  республиканын мугалимдер журтчулугу жакшы билет. Анткени алардын арасында Айчүрөк Токтополотовнадан билим алган студенттер, а кишинин жетекчилиги менен кандидаттык диссертациясын жактаган аспиранттар бар. Ошолордун көбү А.Т. Калдыбаеванын бир кезде В.В. Маяковский атындагы кыз-келиндер институту деп аталган, бүгүнкү күндө «универститет»  деген статус алган окуу жайын алыскы Алайдан келип окуп бүтүргөнүн, аспирантураны да ушул жерден аяктап, кандидаттык диссертация жактаганын, анан ушул университеттин тарыхында эң биринчи педагогика илимдеринин доктору болгонун биле беришпесе керек. Анан алар а кишинин илимий жетекчиси жана устаты, педагогика илиминдеги кадыр-барктуу ири окумуштуу, кыргыз улуттук педагогикасынын өнүгүү концепциясын иштеп чыккандардын бири М.Р.Рахимова болгонун кайдан билмек эле? Бирок жаратылышынан ишке чыйрак, ашкере боорукер, эргип лекция окуган жылдыздуу педагогун алардын эсинен чыгарып коёруна ишенүү кыйын.

Ким билет, балким, көптү көргөн кыраакы окумуштуу Магрифа Рахимовна А. Калдыбаеваны ушундай сапаттары бар үчүн аспирант кылып тандап алгандыр? Ансыз алардын биргелешкен аракети жемиштүү болмок эмес. Ошондой аракеттен жаралган эмгектердин баарын санап отурбай, М.Р. Рахимова, Т.В. Панкова, А.Т. Калдыбаева болуп жазган «Педагогикалык ойлордун жана билим берүүнүн тарыхы» деген окуу куралын жана А.Т. Калдыбаеванын өзүнүн «Элдик акындардын чыгармаларындагы тарбия маселелери» аттуу окуу-методикалык куралын эле алалычы. Жогорку окуу жайларынын студенттерине, окутуучуларына, мектеп мугалимдерине, билим берүү кызматкерлерине арналган биринчи аталыштагы эмгекте дүйнөлүк, ошонун ичинде кыргыздардагы, педагогикалык ойлордун жана мектептердин байыркы доордон бүгүнкү күнгө чейинки тарыхы Кыргызстандын эгемендүүлүккө ээ болушунун призмасы аркылуу, атап айтканда, өлкөнүн геобиочөйрөсү, элдеринин этногенези жана социалдык-экономикалык мурасы эске алынуу менен каралат. Окуу куралы тарыхыйлуулук принцибине таянган жана тарыхый-педагогикалык процесстеги сапаттык өзгөрүүлөрдү системалык аспектте аныктоого жетишкен.

Эмгектин баалуу жагы – ал дээрлик XXIкылымга чейин Ата Мекендик педагогика илиминде үстөмдүк кылып келген «евроцентризм» принцибинен арылып, Байыркы Грециядагы, Римдеги, Чыгыштагы жана Ата Мекенибиздеги педагогикалык ойлорду кеңири чагылдырып, аларды мектептик билим берүү тарыхы менен байланышта бергенинде. Илимий маалымат кеңири жана ырааттуу жайгаштырылган. Муну эмгектин авторлорунун ийгилиги катары бааласа болот. Ал эми окуу китебинин кыргыз тилинде жазылганы окурмандарды, асыресе кыргыз тилдүү студенттерди, көп түйшүктөн арылтканын да белгилеп кетүү керек.

Ал эми ондогон илимий эмгектердин, жүздөгөн илимий макалалардын автору, Кыргызстандан тышкары өлкөлөрдө да белгилүү окумуштуу А.Т. Калдыбаеванын «Элдик акындардын чыгармаларындагы тарбия маселелери» атуу окуу-методикалык куралын анын көп жылдык илимий изилдөөлөрүндөгү идеялардан жана ойлордон өнүм алып, окуу-тарбия процессине ылайыкташтырылган, практикалык мааниси бар эмгеги катары кабыл алса болот. Анын үстүнө азыркы күндө мектептер да, жождор да ушундай методикалык багыттагы эмгекке муктаж болуп турган чагы. Мында эл акындарынын чыгармалары канча саат менен кандай аспекте окутулушу керектиги, жождордун студенттерине кандай темадагы курстук жана дипломдук иштерди жаздыруу натыйжалуу болору сунушталат. Бирок Айчүрөк Токтополотовна тигил же бул акындын чыгармачылыгын мындай окут деп таңуулабайт жана көрсөтмө бергенден алыс. Ал акындын чыгармачылыгы боюнча сабак өтө турган адиске идеясын сунуштап, аны кызматташууга, өнөктөш болууга тартат, ошол аркылуу өнөктөшүнүн чыгармачылык потенциалынын ачылышына өбөлгө түзөт. Белгилүү го, фольклордук элементтерди алып жүргөн жана эпикалык-архаикалык аң сезим менен жандандырылган акындардын көркөм мүлкү ар бир заманда өзүнүн ар кандай жактары менен көрүнөт. А.Т. Калдыбаева сунуштап жаткан метод ошону окутууга багыт алган адистен ошол мүлктөрдүн бүгүнкү күнгө үндөш идеяларын таап чыгып, тарбия ишинин предметине айландырууга жол көрсөтөт. Анткени белгилүү режиссер, кыргыз элинин мыкты уулдарынын бири Мелис Убукеев айткандай, бул акындар, асыресе манасчылар, элдин эбегейсиз генетикалык эс тутумун, эң оболу тарыхый жана этнографиялык эс тутумун сактоочулар экенин окумуштуу-педагог А.Т. Калдыбаева жакшы түшүнөт. Ошондон улам ал өзүнүн аң сезимдүү өмүрүн педагогика илиминин өзөктөш бутагы болгон улуттук педагогиканы изилдөөгө, илимий тил менен айтканда этнопедагогикага арнаганы бекеринен эмес.

Этнопедагогика демекчи. Элдик педагогиканын уңгулуу идеяларын алып жүргон этнопедагогика термини илимий айлампага өткөн кылымдын экинчи жарымында киргизилген. Бүгүнкү күндө ал тарбия ишинин илимий концепциясы катары жашап жана өркүндөп жатат. Чынында эле этнопедагогика педагогикалык илимдер системасында оболу элдик педагогика деген ат алып, этнография жана фольклористика менен байланышта болуп, элдин жашоо тиричилигиндеги, оозеки чыгармачылыгындагы, салт-санаасындагы, үрп-адаттарындагы, оюнзоокторундагы улутка мүнөздүү жакшы сапаттарды тарбия берүү тажрыйбасы катары интерпретациялоодон, тарбия берүү маданиятынын жыйындысы катары изилдөөдөн илимий түр-түспөл алганы айныгыс чындык.

Азыркы учурда илимий адабияттардан элдик педагогика концепциясынын калыптанышына биринчилерден болуп чоң салым кошкондордун аттары аталганын окуп калабыз. Бирок алардын эмне үчүн ушул проблемаларды изилдеп калганы, аны кандай зарылчылык жаратканы эмнегедир суроо туудура берет. Кээде аны тарбия арсеналын байытуу муктаждыгы жараткан деген пикир айтылат. Маселенин мындайча чечмелениши аталган проблеманын өтө эле жупуну кабыл алынышын шарттайт жана элдик педагогиканын (этнопедагогиканын) илимий маанисин бир топ төмөндөтөт. Биздин пикирибиз боюнча маселе алда канча терең жана ал дүйнөлүк өсүп-өнүгүү процессиндеги карама-каршылыктардан келип чыккан.

XIXк. аягы- XXк. башталышы буржуазиялык коомдун өнүгүшүндөгү жаңы этап деп эсептелгенин баарыбыз билебиз. Бул империализмдин доору, бул өндүрүштү ашкере топтоштуруунун жана капиталды борборлоштуруунун доору болгон. Ошондо индивидуалдуу конкуренция улуттун бүтүндөй байлыгын акырындык менен өз колдоруна топтоп алган монополисттердин үстөмдүгү менен алмаштырылган. Так ушул байлыктын топтоштурулушу менен байланышкан процесс аз сандагы буржуазиялык бүлөлөрдүн акырындап байышы, экономикалык кубаттуулуктун туу чокусуна чыгышы жана саясатта да, экономикада да ошолордун үстөмдүк кылышы менен коштолгон. Ошонун натыйжасында коомдо кудайын тааныбай, өздөрүн кудайдай сезгендер, жокчулуктун айынан жашоодон жатыркап, жалгыздыктын азабын тарткандар, өзүнүн ким экенин унутуп, айласыз абдырагандар көбөйгөн. Адамзаттын мындай масштабдагы трагедиясы анын жаралуу себебин түшүнүү муктаждыгына алып келген. Бул проблема жаңы муундагы жазуучулар Ф. Кафканын, М. Прусттун, Т. Манндын, Р. Ролландын, Л. Арагондун чыгармаларында жогорку көркөмдүктө чагылдырылган.

XX кылымдын жазуучулары Адам проблемасын көркөмдөп изилдөө үчүн ар кандай ыкмаларга кайрылган. Ошолордун ичинен эң эле универсалдуусу-чыгарманын баяндоо тканына киргизилген мифтин тили, же мифке мифологемалар деп аталган айрым аллюзияларды кошуу ыкмасы болгон. Мындай ыкманы  XVII-XIXкк. классикалык билим берүүдө  колдонушкан. XXкылымдын жазуучулары ошолордун жолун жолдоп, антикалык жана библиялык образдуулукка кайрылышкан. Бирок алар байыркы мифтин көбүнчө жаңы жактарын айкарасынан ачып, анын бир гана бөлүгүн, символдуу, баарына белгилүү моменттерин жана андан мурда белгисиз болуп, бирок бүгүн көрүнүп жаткан жактарын пайдалануу үчүн гана колдонушкан. Ошолордун арасында мифти чыгарманын көркөм структурасына киргизип, улуу чыгармаларды жараткан  XX кылымдагы өзүбүздүн гениалдуу жазуучубуз Ч. Айтматов да бар. Эгерде этнопедагогиканын пайда болуу өбөлгөлөрү ушундай аспекте каралса, объективдүүрөөк болот беле деп ойлойбуз. Анткени мифтин мезгил деген чекти билбеген касиети бар, ал этностун генетиккалык эс тутуму менен байланышкан кубулуш. Ошондон улам А.Т. Калдыбаева жогоруда биз сөз кылган эмгегинде фольклордук, элдик  чыгармалардын тулкусундагы көөнөрбөс идеяларды жалпы адамзаттык баалуулук катары тарбия берүү мейкиндигине алып чыгып жатат.

XIX  жана XXкылымдар адамзатка үч олуттуу жаңы чакырык таштаганы тарыхтан белгилүү. Адегендегиси- канча бир элди кан жуткузган колониализм. Ошонун тушунда ассимиляциялануу жана маданияттардын бири-бирине өтмө катар өтүү процесси жүрдү. Анан урбанизация башталды. Жалаң айылдын турмушуна ылайыкташкан салттуу маданиятыбызга жарака кетти. Эл жабыла шаарларга агылды. Эне тилинен ажыраган, ата-салтын унуткан адамдар көбөйдү. Ал эми XXкылымдын аягындагы глобализация мурдагы эки процессти күчөткөнү аз келгенсип, улуттун өзүнүн, тилинин, эгемендигинин жок болуп кетүү коркунучун жаратты. Бир жагынан, кара курсактын айынан эл-жерин таштап кетип жаткан мигранттар, бура бастырбай бучкактаган радикалдуу ислам, араанын ачып, оп тартып жиберүүгө даяр транснационалдык корпорациялар, банктар, адам экенин эстен чыгарып, технократтык ойломго ооп бараткан жарандар. Экинчи жагынан глобалдашуунун мындай азгырып турма жана аргасыз кылма кесепеттеринен аман калуунун жолун издеген коом. Мындай жанды жара бөлгөн шартта улут катары сакталып, тилибизди, киндик каныбыз тамган Мекенибизди сактап калыш үчүн кандай жол менен кетебиз? Алдыда орной турган маалыматтык коомго жана туруктуу өнүгүүгө эмнебиз менен барабыз?

    Россиянын М.В. Ломоносов атындагы мамлекеттик университетинин ректору В.Садовничий Воронеждеги жогорку мектеп өкүлдөрүнүн алдында сүйлөгөндө студенттерди ой жүгүрткөнгө, ойлонгонго, далилдей билгенге, күмөндөнгөнгө, жеңгенге үйрөтүү үчүн фундаменталдуу илимди өнүктүрүү керек дебедиби. Анын пикири боюнча стратегиялык илимдин үч тармагы бар, ансыз өлкөнүн жашоосу токтоп калат. Бул математика, тил, тарых.

Чын эле, өзүнүн тилин, тарыхын жана техникалык-экономикалык кубаттуулугун камсыз кылган математиканы билбеген элдин эл болуп кетери күмөн. Анын ким экенин,кайда жашаганын, кайсы тилде сүйлөрүн эсине салып ойлондура турган илимдин бир тармагы – этнопедагогика. Ал фольклордук-эпикалык, адабий-көркөм чыгармалардын тереңине катылган улуттун уңгулуу рухий, маданий, тарыхый баалуулуктарын жаш муундардын жадысына киргизип, этнос катары өсүп-өнүгүүсүн камсыздайт. Бүгүн өзүнүн 60 жаш курагын белгилеп жаткан И. Арабаев атындагы КМУнун профессору, эл аралык академиянын академиги, этнопедагогика бюнча белгилүү адис А.Т. Калдыбаева ушундай улуу ишке кызмат кылат.

 

Абдил Шерматов  

И. Арабаев атындагы КМУ